406-берене. Тараптардын жарыш сөзгө чыгышы. Соттолуучунун акыркы сөзү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 47-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Далилдерди иликтөө аяктагандан кийин төрагалык кылуучу тараптардан соттук териштирүүнү толуктоо үчүн аларда болгон өтүнмөлөрдү сурайт. Сот бул өтүнмөлөрдү чечет, андан сон тараптардын жарыш сөзүнө өтөт.
2. Тараптардын жарыш сөзү ушул Кодекстин 330-беренесинин эрежелери боюнча жүргүзүлөт, мында даттануу же сунуш берген адам биринчи болуп сүйлөйт.
3. Тараптардын жарыш сөзү аяктагандан кийин, төрагалык кылуучу айыпталуучуга акыркы сөз берет, андан соң сот чечим кабыл алуу үчүн өзүнчө бөлмөгө кетет.
4. Эгерде кеңешме учурунда сот иш үчүн мааниге ээ болгон же жаңы далилдерди кошумча текшере турган жаңы жагдайларды зарыл деп тапса, ал ишти маңызы боюнча кароону кайра жаңыртат, бул тууралуу соттун отурумунун протоколуна жүйөлөштүрүлгөн аныктамалар киргизилет.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
406-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-406" title="406-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>