Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
405-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттук териштирүү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 47-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Төрагалык кылуучу сот отурумун ачат жана кайсы апелляциялык даттануу жана (же) сунуштама боюнча кандай иш карала тургандыгын жарыялайт, процесстин катышуучуларына алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.
2. Соттук териштирүү баяндамачы-судьянын жасаган өкүмдүн мазмунун же башка сот чечимин, ошондой эле берилген апелляциялык даттануулардын, сунуштамалардын маңызын кыскача баяндоодон башталат.
3. Баяндамачы-судьянын баяндамасынан кийин, сот тараптардын даттанууда, сунуштамасы келтирилген өз тыянактарын негиздеген сөздөрүн угат, ошондой эле башка тараптардын аларга каршы пикирлерин угат. Бир тарап апелляциялык соттун отурумуна келбеген учурда, ал тараптан берилген даттануу, сунуштама, апелляциялык инстанциядагы сотко берилген жазуу жүзүндөгү каршы пикирлер угузулат.
4. Сот тараптардын сөздөрүн уккандан кийин далилдерди текшерүүгө өтөт. Биринчи инстанциядагы сотто суракка алынган күбөлөр, эгерде аларды чакырууну сот зарыл деп тапса, алар апелляциялык инстанциядагы сотто суракка алынат.
5. Тараптар жаңы күбөлөрдү суракка алуу жөнүндө, буюм далилдерин жана документтерди ишке кошуу, соттук экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнмө берүүгө укуктуу. Билдирилген өтүнмөлөрдү чечүү ушул Кодекстин 312-беренесинин эрежелери боюнча жүргүзүлөт, мында апелляциялык инстанциядагы сот өтүнүч биринчи инстанциядагы сот тарабынан канааттандырылбаган деген негиз менен өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартууга укуксуз.
6. Чечим кабыл алууда апелляциялык инстанция өзүнүн чечимин негиздөө үчүн соттун апелляциялык отурумуна чакырылбаган, бирок биринчи инстанциядагы сотто суракка алынган адамдардын соттогу айтылган көрсөтмөлөрүнө шилтеме жасоого укуктуу.
7. Тараптардын макулдугу менен апелляциялык инстанциядагы сот биринчи инстанциядагы сот тарабынан иликтенген далилдерди текшербей туруп, апелляциялык даттанууну, сунуштаманы кароого укуктуу.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-405" title="405-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>