Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
117-берене. Сотко чейинки өндүрүштөгү бөгөт коюу чарасын колдонуунун мөөнөтү жана аларды узартуунун тартиби
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 13-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Бөгөт коюу чарасы тергөө судьясынын чечими боюнча ар бир жолу эки айга чейинки мөөнөткө кабыл алынат.
2. Эки айга чейинки мөөнөттө сотко чейинки өндүрүштү аяктоо мүмкүн болбогон учурда жана бөгөт коюу чарасын өзгөртүү же жокко чыгаруу болбогондо, бул мөөнөт прокурордун өтүнүчү боюнча тергөө судьясы тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.
3. Бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнмөнүн козголгондугу жөнүндө токтом бөгөт коюу чарасын колдонуунун мөөнөтү аяктаганга чейин 5 суткадан кеч эмес сотко чейинки өндүрүштүн жери боюнча сотко берилүүгө тийиш. Токтомдо аларга байланыштуу мөөнөттү узартуу зарыл болгон себептер, изилдөө зарыл болгон жагдайлар жана бул бөгөт коюу чарасын сактап калуунун зарылдыгынын негиздери чагылдырылууга тийиш. Өтүнүч тергөө судьясы тарабынан ушул Кодекстин 257-беренесинде белгиленген тартипте каралат.
4. Тергөө судьясы өтүнүч алынган күндөн тартып 3 суткадан кеч эмес мөөнөттө тараптардын катышуусу менен соттук отурум өткөрөт жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) прокурордун сунуштамасын канааттандыруудан баш тартуу жана шектүүнү камактан бошотуу, бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө;
2) бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө.
5. Камакка алуунун мөөнөтү шектүүнү кармаган учурдан тартып ишти сотко жиберүүгө чейин эсептелет. Шектүүнүн иштин материалдары менен таанышуусунун мөөнөтү аны камакка алуунун мөөнөтүнөн тартып башталат, ал эми мөөнөтү өтүп кеткен учурда ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык узартылууга жатат.
6. Камакка алуунун мөөнөтүнө төмөнкү убакыт кошуп эсептелет:
1) шектүү катары кармалган;
2) соттун чечими боюнча мажбурланып медициналык же психиатрдык мекемеде болгон;
3) белгилүү убакыт ичинде адам укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө же аны Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап боюнча чет өлкөлүк мамлекеттин аймагында кармалган.
7. Шектүү бир эле иш боюнча кайталап камакка алынган учурда, ошондой эле буга кошулуп же андан бөлүп чыгарылган жазык иши боюнча камакка алуунун мөөнөтү мурда камакка алууда өткөрүлгөн убакытты эске алуу менен эсептелет.
8. Бөгөт коюу чарасын колдонуунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө же андан баш тартуу жөнүндө тергөө судьясынын токтому прокурор, шектүү жана анын коргоочусу тарабынан 5 сутканын ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
9. Адамды камакта кармоочу жайдын администрациясы ал адамдын камакка алуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө соттун токтомуна жогору турган сотко даректелген даттануусун ал алынган учурдан тартып 12 сааттан кеч эмес, бул жөнүндө прокурорго маалымдоо менен, даттанууну тиешелүү сотко жиберүүгө милдеттүү.
10. Бөгөт коюу чарасын колдонуунун мөөнөтүн бир жылдан ашыкка узартууга жол берилбейт, ал эми бөгөт коюу чарасы жокко чыгарылууга жатат.
Камакка кармалгандан бир жыл өткөндөн кийин шектүү прокурорго маалымдоо менен камакта кармоочу жайдын администрациясы тарабынан токтоосуз бошотулууга тийиш.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 16-декабрындагы (Нурбек Акбарович Токтакуновдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик…Сот практикасы · Решение · 16.12.2020 · № 10-р
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-117" title="117-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>