Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
257-берене. Бөгөт коюу чарасын колдонуу, ошондой эле бөгөт коюу чарасынын мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнмөнү кароо тартиби
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 36-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Бөгөт коюу чарасы шектелүүчүнүн, айыпталуучунун, прокурордун, жактоочунун сотко чейинки өндүрүш жери боюнча же болбосо шектелүүчү кармалган жер боюнча сотко өтүнмө келип түшкөн учурдан тартып 2 сааттын ичинде тергөө судьясы тарабынан колдонулат. Сот отурумуна жашы жете элек шектелүүчүнүн, айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлү катышууга милдеттүү.
2. Шектелүүчү, айыпталуучу келбей калган учурлардан тышкары, сот отурумунун убактысы жөнүндө өз мезгилинде кабарландырылган тараптардын жүйөсүз себептер боюнча келбей калышы өтүнүчтү кароо үчүн жолтоо болуп саналбайт. Жактоочу келбей калган учурда айыпталуучу аны башкалар менен алмаштырууга укуктуу.
3. Шектелүүчү, айыпталуучу жокто бөгөт коюу чарасы түрүндө камакка алууну колдонуу жөнүндө токтом чыгарууга анын келишин камсыздоо боюнча так чаралар кабыл алынгандан кийин гана жол берилет.
4. Сот отурумунун башталышында тергөө судьясы кандай өтүнүч кароого жата тургандыгын кулактандырат, сот отурумуна келген адамдарга алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт. Андан кийин прокурор аны негиздейт, андан соң сот отурумуна келген башка адамдар угулат.
5. Өтүнмөнү карагандан кийин тергөө судьясы төмөнкүдөй токтомдордун бирин чыгарат:
1) шектелүүчүгө карата бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө;
2) өтүнмөдөгү бөгөт коюу чарасын колдонуудан баш тартуу жана башка бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө.
6. Кармоонун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндөгү жана бөгөт коюу чарасын колдонуу тууралуу чечимди кабыл алуу жөнүндөгү маселе бир эле мезгилде чечилген учурда, көрсөтүлгөн маселелер бир сот отурумунда каралат.
7. Тергөө судьясынын токтомунун көчүрмөсү прокурорго, шектелүүчүгө, айыпталуучуга, жактоочуга тапшырылат жана токтоосуз аткарылууга жатат.
8. Бөгөт коюу чарасын колдонуудан баш тартуу жөнүндө тергөө судьясы тарабынан токтом чыгарылгандан кийин, ошол эле бир адамды ошол эле жазык иши боюнча камакка алуу жөнүндө өтүнүч менен сотко кайталап кайрылуу адамды камакка алуунун зарылдыгын негиздеген жаңы шарттар келип чыкканда гана мүмкүн.
9. Бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнмөнү козгоо тууралуу токтом камакта, үй камагында кармоо мөөнөтү аяктаганга чейин 5 суткадан кечиктирбестен, сотко чейинки өндүрүш жүргөн жери боюнча берилүүгө тийиш. Тергөө судьясы өтүнмө алынган күндөн тартып 3 суткадан кечиктирбестен бөгөт коюу чарасын колдонуу үчүн ушул берене менен белгиленген тартипте төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
1) бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө;
2) бөгөт коюу чарасын колдонуу жана башка бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө.
10. Шектелүүчүнү, айыпталуучуну ал жок кезде камакка алуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө тергөө судьясы тарабынан өтүнүчтү кароого, аны сотко жеткирүү мүмкүнчүлүгүн алып салган шектелүүчүнүн, айыпталуучунун стационардык соттук-психиатриялык экспертизада жана башка шарттарда болгон учурларынан тышкары, жол берилбейт, бул тиешелүү документтер менен тастыкталууга тийиш. Мында соттук отурумга жактоочунун катышуусу милдеттүү болуп саналат.
11. Бөгөт коюу чарасын колдонуу, бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн узартуу же өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө тергөө судьясынын токтому ал чыгарылган күндөн тартып 5 сутканын ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Тергөө судьясынын токтомуна апелляциялык тартипте даттануу анын аткарылышын токтотпойт.
12. Даттанууну, сунуштамаларды кароонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган апелляциялык инстанциядагы соттун чечими даттанылбайт.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-257" title="257-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>