Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун ыктыярдуу уюмдарын түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2018-жылдын 13-февралы № 90
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун ыктыярдуу уюмдарын түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 115-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун ыктыярдуу уюмдарын түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жогоруда аталган Жобонун ишке ашырылышы боюнча тийиштүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-февралындагы № 90 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун ыктыярдуу уюмдарын түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде (мындан ары - ТМ) эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөп жаткан соттолгондордун ыктыярдуу уюмдарын түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартибин аныктайт.
2. ТМдагы соттолгондордун ыктыярдуу уюмдары - бул соттолгондордун түзөтүү жана кайра социалдаштыруу процессинде өзүн-өзү уюштуруу жана өзүн-өзү башкаруу элементтерин колдонуу максатында түзүлгөн өз алдынча коомдук түзүм.
3. ТМдагы соттолгондордун ыктыярдуу уюмдарынын иши Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин (мындан ары - ЖАК), жазык-аткаруу тутуму тармагындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Жобонун талаптарын эске алуу менен ишке ашырылат.
4. Соттолгондордун ыктыярдуу уюмдары өз ишин ТМнын администрациясынын контролу астында жүргүзөт. Соттолгондордун ыктыярдуу уюмдарынын түзүлүшүн жана иштөөсүн, алардын ишинин процессинде жазык-аткаруу мыйзамдарынын сакталышын түздөн-түз контролдоо ТМнын начальнигине жана ал ыйгарым укук берген кызмат адамдарына жүктөлөт.
5. Ыктыярдуу уюмдардын мүчөлөрү үчүн кошумча жеңилдиктер белгилениши, бардык соттолгондор үчүн милдеттүү болгон эмгек процессине жана иш-чараларга катышуудан бошотулушу мүмкүн эмес.
6. Соттолгондордун ыктыярдуу уюмдардын ишине катышуусу аларга карата ЖАКта каралган кызыктыруучу чараларды колдонууда эске алынат.
7. Соттолгондордун ыктыярдуу уюмдары жана алардын мүчөлөрү ТМнын администрациясынын ыйгарым укуктарына ээ боло алышпайт.
8. Соттолгондордун ыктыярдуу уюмдарынын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- соттолгондорго рухий, адистик жана саламаттык жактан өнүгүүсүнө жардам берүү;
- соттолгондордун пайдалуу демилгесин өнүктүрүү;
- соттолгондордун жүрүм-турумуна жакшы таасир көрсөтүү;
- соттолгондордун эмгектенүүсүн, турмуш-тиричилигин жана эс алуусун уюштуруу маселелерин чечүү;
- ТМнын администрациясынын соттолгондордун күн тартибин жана эрежелерди сактоосуна көмөк көрсөтүү;
- соттолгондордун арасында моралдык-психологиялык климатты жакшыртуу;
- соттолгондордун арасында гигиенаны жана санитардык ченемдерди сактоо адатын калыптандыруу;
- ТМнын режимине терс багыты менен таасир эткен соттолгондордун тобун нейтралдаштыруу.
Соттолгондордун ыктыярдуу уюмдарынын алдында жаза өтөөнүн максатына, тартибине жана шартына карама-каршы келбеген башка да милдеттер коюлушу мүмкүн.
2-глава. Соттолгондордун ыктыярдуу уюмдарын түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби
9. ТМда соттолгондордун ыктыярдуу уюмдарынын башкаруу органы болуп ТМнын соттолгондор жамаатынын кеңеши саналат (мындан ары - Кеңеш), ал башка ыктыярдуу уюмдардын иштерин уюштурат жана координациялайт, чогулуштарда кабыл алынган чечимдердин, сунуштардын жана пландалган иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылат.
10. Кеңештин алдында соттолгондордун төмөнкүдөй ыктыярдуу уюмдары түзүлүшү мүмкүн:
- тартип сактоо секциясы;
- жалпы жана кесиптик билим берүү секциясы;
- өндүрүштүк секция;
- санитардык-тиричиликтик секция;
- бош убакытты уюштуруу секциясы.
Ушул пункттарда каралбаган ыктыярдуу уюмдарды түзүүгө тыюу салынат.
11. ТМда ыктыярдуу уюмдарды түзүү жөнүндө чечим ТМдагы соттолгондордун жалпы чогулушунда кабыл алынат, аны үчүн соттолгондордун 50 пайызынан кем эмеси добуш бериши керек. Кеңешке мүчөлөрдү шайлоо жылына бир жолу ТМнын администрациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда соттолгондордун жалпы чогулушунда ачык добуш берүү менен өткөрүлөт. Мында Кеңештин курамына ТМнин ар бир отрядынан өкүлдөр кириши керек. Ыктыярдуу уюмдардын саны ТМнин администрациясынын жетекчилигинин чечими менен соттолгондордун иш жүзүндөгү санына жараша бекитилет. Кеңештин төрагасы жана секциялардын старосталары ыктыярдуу уюмдардын мүчөлөрү тарабынан алардын жалпы чогулушунда шайланат. Кеңештин шайланган курамы ТМнын жетекчиси тарабынан бекитилет.
12. Ыктыярдуу уюмдардын курамына шайланган соттолгондорго карата ТМнын тарбия берүү кызматы тарабынан сабактар өткөрүлөт, аларда ушул Жобонун мазмуну окутулат, ыктыярдуу уюмдардын милдеттери жана ишинин багыттары, алардын ТМнын жашоосундагы ролу түшүндүрүлөт.
13. Жаза албаган, жакшы мүнөздөлгөн, уюмдун ишине катышууга каалоосун билдирген соттолгон ыктыярдуу уюмдун мүчөсү боло алат. ТМнын режимин бузууга жол берген, ушул Жобонун талаптарын аткарбаган ыктыярдуу уюмдардын мүчөлөрү Кеңештин чечими менен ыктыярдуу уюмдардын курамынан чыгарылат.
14. Ыктыярдуу уюмдар ушул Жобонун талаптарын аткарышпаган учурда ТМнын жетекчиси аларды таркатуу жөнүндө чечим чыгара алат.
15. Ыктыярдуу уюмдун мүчөлүгүнө кабыл алуу соттолгондун Кеңешке берилүүчү жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде ишке ашырылат. Андан кийин Кеңеш соттолгонду анын каалоосу боюнча секциянын курамына кабыл алуу жөнүндө чечим чыгарат. Анын арызы өздүк ишине тиркөө үчүн ТМнын атайын бөлүмүнө өткөрүлүп берилет, ушул Жобонун 26-пунктунда каралган эсеп журналына тиешелүү белги коюлат.
16. Кеңештин отурумдары кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт жана протокол менен таризделет. Кеңештин чогулуштарына секциялардын старосталары, ТМнын жетекчиси же анын тарбия иштери боюнча орун басары катышат.
17. Кеңеш өзүнүн ишин кварталдык пландын негизинде жүргүзөт, аларда секциялар аткарууга милдеттүү иш-чаралар белгиленет.
18. Кабыл алынган чечимдердин жана пландалган иш-чаралардын аткарылышын Кеңештин төрагасы жана секциялардын старосталары контролдошот.
19. Кеңеш ыктыярдуу уюмдардын ишин талдайт, соттолгондорго жарым жылда бир жолу жана жалпы чогулушта аткарылган иш жөнүндө маалымат берет.
20. Пландалган иш-чараларды жүзөгө ашырууда секциялардын мүчөлөрүнө көмөк көрсөтүү үчүн ТМнын жетекчиси же чечим менен аны алмаштырган адам аларга ТМнын кыйла тажрыйбалуу жана кадыр-барктуу кызматкерлерин бекитип берет.
21. Тартип сактоо секциясы төмөнкүдөй иштерди аткарат:
- ТМдин администрациясына турак-жай жана өндүрүштүк зоналарда, ашканада, окуу класстарында жана эс алуучу жерлерде соттолгондор арасында тартиптин сакталышына көмөк көрсөтүү;
- ТМдин администрациясына соттолгондорду профилактикалык эсепке алуу же эсептен чыгаруу маселеси боюнча сунуш даярдоо;
- ТМдин администрациясына соттолгондор тарабынан жасалган же жасоого даярдалып жаткан эреже бузуулар жөнүндө кабарлоо.
22. Өндүрүштүк секция төмөнкүдөй иштерди аткарат:
- соттолгондордо эмгекке ак ниет мамилени тарбиялоо, өндүрүш объекттеринде тартипти сактоо боюнча ТМдин администрациясына көмөк көрсөтүү;
- соттолгондорду окутууну уюштурууда администрацияга көмөк көрсөтүү.
23. Санитардык-тиричиликтик секция төмөнкүдөй иштерди аткарат:
- турак-жай жана турмуш-тиричилик бөлмөлөрүнүн санитардык абалын текшерүү, соттолгондор тарабынан жеке тазалыгын жана өндүрүштүк санитария эрежелерин сактоо боюнча чара көрүү;
- ашканалардын, дүкөндөрдүн жана башка турмуш-тиричилик объектилеринин ишин уюштурууда ТМдин администрациясына көмөк көрсөтүү;
- аймакты, турак-жай жана тиричилик бөлмөлөрүн абаттоодо соттолгондорду ишке тартуу.
24. Жалпы жана кесиптик билим берүү секциясы төмөнкүдөй иштерди аткарат:
- жалпы жана баштапкы кесиптик билими жок соттолгондордун арасында аларды билим алууга тартуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө түзөтүү мекемесинин администрациясына көмөк көрсөтүү;
- соттолгондордун кызыгуусуна жараша билим берүү программаларын уюштуруу жана жүргүзүү.
25. Бош убакытты уюштуруу секциясы төмөнкүдөй иштерди аткарат:
- кызыгуу боюнча ийримдердин/клубдардын ишин уюштуруу (спорт, сүрөт тартуу, кол өнөрчүлүк, театр ийрими ж.б.);
- эс алуу жана майрам күндөрү маданий-массалык, рекреациялык иш-чараларды даярдоо;
- отряддардын арасында кароолорду, ар кандай сынактарды (КВН, спорттун түрлөрү боюнча биринчилик) өткөрүү.
26. Кеңештин жана секциялардын мүчөлөрү соттолгондордон белгиленген жүрүм-турум эрежелерин сактоону талап кыла алышат, белгиленген компетенциясынын чегинде ТМдин администрациясына ТМнин ишинин ар кандай түрлөрүн өркүндөтүү маселелери боюнча сунуштарды киргизе алышат.
27. ТМдин Кеңеши жана секциялары өз иштеринин эсебин жүргүзүү үчүн төмөнкү маалыматтарды каттоочу Каттоо журналын түзүшөт:
- Кеңештин жана секциянын мүчөлөрү тууралуу;
- ыктыярдуу уюмдардын пландарын, отурумдардын протоколдорун аткаруу тууралуу;
- ТМдин чечимдерин аткаруу тууралуу.
Журналдарды сактоо мөөнөтү - 3 жыл. Ыктыярдуу уюмдардын Каттоо журналдары жазык-аткаруу тутумунун борбордук органы тарабынан бекитилүүчү типтүү формада жүргүзүлөт.
3-глава. Ыктыярдуу уюмдардын ишинде ТМдин администрациясынын кызматкерлеринин милдеттери
28. ТМдин жетекчиси Кеңештин мүчөлөрүн шайлоону уюштурат жана ыктыярдуу уюмдардын иштешине шарт түзүп берет.
29. ТМдин жетекчисинин тарбия иштери боюнча орун басары секцияларга шайлоону өткөрүү боюнча иштердин аткарылышын контролдойт, ыктыярдуу уюмдардын мүчөлөрүн окутууну уюштурат, ТМдин ыктыярдуу уюмдарынын иштеринин отчетун түзөт.
30. Отряддын башчысы:
- ушул Жобонун 11-пунктуна ылайык Кеңешке шайлана турган талапкерлерди көрсөтүү боюнча отряддын чогулуштарын уюштурат;
- ыктыярдуу уюмдун мүчөлөрүнө коомдук иштерди уюштурууда керектүү практикалык жана методикалык жардам көрсөтөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон