КР Өкмөтүнүн
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарынын соттолгондорго социалдык жардам көрсөтүү маселеcи боюнча түзөтүү мекемелери менен өз ара аракеттешүү тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 111-статьясын ишке ашыруу максатында, “Пробация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын соттолгондорго социалдык жардам көрсөтүү маселеси боюнча түзөтүү мекемелери менен өз ара аракеттешүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ушул токтомду аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн.
3. Ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар тиешелүү жылдарга республикалык бюджеттен каралган министрликтердин жана ведомстволордун каражатынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоо булактарынын чегинде ишке ашырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
- Пробация жөнүндөЗакон · 24.02.2017 · № 34
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон