Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
314-берене. Экстремисттик уюмду түзүү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 43-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июля 2021 года № 87
1. Иши улуттук, этностук, расалык, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу, улуттук ар-намысты кемсинтүү, жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы, жашаган жеринин белгилери боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын, же болбосо начардыгын пропагандалоо менен коштолгон экстремисттик уюмду түзүү, жетектөө, -
эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгына байланыштуу сот тарабынан аны жоюу же ишине тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган экстремисттик уюмдун ишин уюштуруу, ошого тете жарандарды анын ишине көндүрүү, азгырып жалдоо же тартуу, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгына байланыштуу сот тарабынан аны жоюу же ишине тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган экстремисттик уюмдун ишине катышуу, -
I категориядагы эркиндигинен ажыратууга же V категориядагы айып салууга жазаланат. Эскертүү. Экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгына байланыштуу сот тарабынан аны жоюу же ишине тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган экстремисттик уюмдун ишине катышуусун ыктыярдуу токтоткон адам, эгерде ал мындай уюмдун уюштуруучуларын табууга жана жазык жоопкерчилигине тартууга укук коргоо органдарына көмөк көрсөтсө, ушул беренеде каралган жосуну үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат. (КР 2021-жылдын 22-июлундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 июля 2021 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
22.07.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…экстремисттик уюмдун ишин уюштуруу, ошого тете жарандарды анын ишине кошулду: көндүрүү, азгырып жалдоо же тартуу, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, … ушул беренеде каралган жосуну үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат. кошулду: (КР 2021-жылдын 22-июлундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-314" title="314-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>