Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
232-берене. Уюмдардан бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 33-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Эгерде бул жосун бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү ири өлчөмдө төлөбөөгө алып келсе, декларация берүү милдеттүү болуп саналган учурларда кирешелер жөнүндө декларацияны бербөө жолу менен же болбосо бюджетке салыктарды жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү кошуп эсептөө же төлөө менен байланышкан башка документтерге кирешелер же чыгашалар жөнүндө же болбосо салык салынууга жаткан мүлк жөнүндө бурмаланган маалыматтарды билип туруп киргизүү жолу менен уюмдардан бюджетке салык жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качканда, -
IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ушул эле жосун:
1) өзгөчө ири өлчөмдө;
2) иштерди иш жүзүндө аткарбастан, кызматтарды көрсөтпөстөн, товарларды жүктөп жибербестен эсеп-фактураны пайдалануу менен;
3) адамдардын тобу тарабынан алдын ала сүйлөшүп алуу боюнча.
VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу же ансыз жана II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
- 230-берене. Уюмдардан бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-232" title="232-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>