Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
230-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 33-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Төлөмдөрдү эсептеп чыгаруу үчүн документтерди бербөө, же аларды жок кылуу, же төлөмдөрдү эсептеп чыгаруу үчүн документтерге билип туруп бурмаланган маалыматтарды киргизүү жолу менен бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу, ошондой эле экономикалык контрабанданын белгилери болбогондо башка салык салуунун объекттерин ири өлчөмдө жашыруу, -
IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:
1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) өзгөчө ири өлчөмдө, -
VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз жана II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул Кодекстин 230-232-беренелеринде ири өлчөм деп, кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн элүү миң эсе, өзгөчө ири өлчөм деп жүз миң эсе ашкан төлөмдөрдү төлөбөй коюу таанылат. Айыптарды жана туумдарды кошкондо, бардык салык же бажы карыздары ыктыярдуу түрдө тындырылган учурда, ушул Кодекстин 230-232-беренелеринде каралган кылмыштарды жасагандыгына байланыштуу адамды жазыктык куугунтуктоо жазык процессинин кандай гана стадиясында болбосун токтотулууга тийиш. (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жазаланат.
Эскертүү. Ушул Кодекстин 230-232-беренелеринде ири алынып салынды: өлчөмдөгү бажы төлөмдөрүн, салык карыздарын же башка милдеттүү бюджетке төлөмдөрдү төлөөдөн качуу деп кошулду: өлчөм деп, кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн алынып салынды: бир кошулду: элүү миң алынып салынды: эсе ашкан төлөмдөрдү төлөбөй коюу, ал эми кошулду: эсе, өзгөчө ири алынып салынды: өлчөмдө кошулду: өлчөм деп алынып салынды: эсептик көрсөткүчтөн беш кошулду: жүз миң эсе ашкан төлөмдөрдү төлөбөй коюу таанылат.
Айыптарды жана туумдарды кошкондо, бардык салык же бажы карыздары ыктыярдуу түрдө тындырылган алынып салынды: учурда адамды кошулду: учурда, ушул Кодекстин 230-232-беренелеринде каралган кылмыштарды жасагандыгына байланыштуу кошулду: адамды жазыктык куугунтуктоо жазык процессинин кандай гана кошулду: стадиясында болбосун алынып салынды: стадиясында токтотулууга тийиш.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-230" title="230-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>