231-берене. Бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 33-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Эгерде бул жосун бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү ири өлчөмдө төлөбөөгө алып келсе, декларация берүү милдеттүү болуп саналган учурларда кирешелер жөнүндө декларацияны бербөө жолу менен же болбосо бюджетке салыктарды жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү кошуп эсептөө же төлөө менен байланышкан башка документтерге кирешелер же чыгашалар жөнүндө же болбосо салык салынууга жаткан мүлк жөнүндө бурмаланган маалыматтарды билип туруп киргизүү жолу менен бюджетке салык жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качканда, -
IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосун, -
VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз жана II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
231-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-231" title="231-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>