137-берене. Өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 21-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Жабырлануучунун өзүн-өзү өлтүрүүгө же өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылууга алып келген өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү, башкача айтканда, көндүрүү, алдоо жолу же башка ыкма менен адамды өзүн-өзү өлтүрүүгө болгон чечкиндүүлүгүн козгоо, -
II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Күнөөлүүдөн материалдык, же болбосо башкадан көз каранды болгон адамга карата же билип туруп жашы жетелекке карата жасалган ошол эле жосундар, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
137-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-137" title="137-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>