138-берене. Ден соолукка оор зыян келтирүү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 22-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Келтирүү учурунда өмүргө коркунучтуу болгон дене-бойго зыян келтирүү түрүндөгү ден соолукка оор зыян келтирүү; же көрүүсүн, сүйлөөсүн, угуусун же кайсы бир органын жоготууга, же болбосо органдын аткаруучу функцияларын жоготууга алып келген ден соолукка зыян келтирүү; эмгекке жөндөмдүүлүгүн кеминде үчтөн бирин туруктуу жоготуу менен, же болбосо билип туруп кесиптик эмгек жөндөмдүүлүгүн толук жоготуу менен байланышкан психикалык ооруга же ден соолугунун башка бузулуусуна алып келүү; боюнан түшүрүү же болбосо адамдын бетине кетпес так салуу, -
III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:
1) адамдардын тобу же сүйлөшүүлөр боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) өзгөчө мыкаачылык менен;
3) бейбаштык максатта;
4) пайда көздөө максатында же жалдануу аркылуу;
5) жабырлануучунун органын же ткандарын алуу максатында;
6) башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү үчүн;
7) кызматтык, кесиптик ишин жүзөгө ашыргандыгына же коомдук милдетин аткаргандыгына байланыштуу ушул адамга же анын жакындарына карата;
8) күнөөлүү билип туруп алсыз абалдагы же билип туруп жашы жетелекке карата;
9) расалык, этностук, улуттук, диний жана аймактар аралык касташуунун (араздашуунун) негизинде, -
10) эки же андан көп адамга карата;
11) күнөөлүү билип туруп, кош бойлуу аялга карата;
12) зордуктоо же башка формадагы зомбулук менен жыныстык кумарын кандыруу менен коштолуп;
13) каракчылык, опузалап талап кылуу менен коштолуп;
14) адамды уурдоо же барымтага алуу менен коштолуп, -
III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган төмөнкүдөй жосундар:
1) этиятсыздыктан киши өлтүрүүгө, анын натыйжасында өзүн-өзү өлтүрүүгө, же болбосо эки же андан көп адамдын өлүмүнө (өзгөчө оор зыян) алып келген;
2) ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган эки же андан көп оордотуучу жагдайлардын жыйындысында жасалган, -
IV категориядагы айып салуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
138-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-138" title="138-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>