136-берене. Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 21-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Этиятсыздыктан жабырлануучунун өзүн-өзү өлтүрүүгө же өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылууга алып келген, адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу зомбулукту колдоном деп коркутуу же катаал мамиле кылуу же жеке кадыр-баркын ар дайым кемсинтүү -
II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Күнөөлүүдөн материалдык, же болбосо башкадан көз каранды болгон адамга карата, же билип туруп жашы жетелекке карата жасалган ошол эле жосундар, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Адамды өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү максатында жасалган жабырлануучунун өзүн-өзү өлтүрүүгө алып келген адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу зомбулукту колдоном деп коркутуу, же катаал мамиле кылуу, же жеке кадыр-баркын ар дайым кемсинтүү, -
IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
136-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-136" title="136-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>