12-берене. Жазык мыйзамынын өткөн мезгилге карата колдонулушу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Жосундун кылмыштуулугун жокко чыгаруучу же кылмыштуу жосундун жазык-укуктук кесепеттерин жеңилдетүүчү мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулат, башкача айтканда тиешелүү жосунду мындай мыйзам күчүнө киргенге чейин жасаган адамдарга, анын ичинде жаза өтөп жаткан же аны өтөгөн адамдарга жайылтылат.
2. Жосундун кылмыштуулугун белгилөөчү же жасалган кылмыштуу жосундун жазык-укуктук кесепеттерин күчөтүүчү мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт.
3. Жосундун жазык-укуктук кесепеттерин жарым-жартылай жеңилдетүүчү же жарым-жартылай күчөтүүчү мыйзам ушул кесепеттерди жеңилдетүүчү бөлүгүндө гана өткөн мезгилге карата колдонулат.
4. Эгерде кылмыш жасалган мезгилден тартып, өкүм чыгарган мезгилге чейинки мыйзам бир нече жолу өзгөрүлсө, анда мыйзамдын жеңилирээги колдонулат.
5. Тарбиялык жана медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар сотто ишти чечүү мезгилинде колдонулуучу мыйзамдын негизинде гана колдонулат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-12" title="12-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>