13-берене. Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган кылмыштарга карата жазык мыйзамынын колдонулушу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаган адам ушул Кодекске ылайык жоопкерчиликке тартылууга жатат.
2. Төмөнкү учурларда кылмыш Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган деп таанылат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында башталган, аякталган же бөгөт коюлган;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган, ал эми кесепеттери анын чегинен тышкары жерде башталган;
3) башка жосундар менен катар эле же жыйындысында кылмышты түзүп, анын бир стадиясы Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган.
3. Колдонуудагы мыйзамдарга жана эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан соттолбой турган чет өлкөлүк мамлекеттердин дипломатиялык өкүлдөрүнүн жана башка жарандарынын жазык жоопкерчилиги жөнүндө маселе, бул адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасалган учурда, эл аралык укуктун ченемдеринин негизинде дипломатиялык жол менен чечилет.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>