Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
88-берене. Кайрадан өткөрүлгөн аукционду өткөн жок деп жарыялоонун кесепеттери
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 11-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126
1. Кайрадан өткөрүлгөн аукцион ушул Мыйзамдын 85-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча сот аткаруучу тарабынан өткөн жок деп табылат.
Кайрадан өткөрүлгөн аукцион өткөн жок деп жарыяланган учурда, мүлк сот аткаруучу тарабынан өндүрүп алуучуга же өндүрүп алуучуларга кайрадан өткөн аукциондо белгиленген баадан он пайызга төмөн баада сунушталат. Карызкордун сатылбаган мүлкүн калтыруу жөнүндө сунушта сот аткаруучу карызкордун мүлкүн калтыруудан баш тартуунун же болбосо ушул беренеде белгиленген мөөнөттө сунушка жооп жибербөөнүн кесепеттерин өндүрүп алуучуга түшүндүрүп берүүгө милдеттүү. Өндүрүп алуучу көрсөтүлгөн сунуш келип түшкөн күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде сот аткаруучуну сатылбаган мүлктү өзүнө калтыруу чечими тууралуу жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Эгерде бир кезекте турган бир нече талапкер бар болсо, анда сот аткаруучу тарабынан сунуштар сот аткаруучулардын аймактык бөлүмдөрүнө аткаруу документтери келип түшкөн кезегине ылайык өндүрүп алуучуларга жөнөтүлөт. Мүлктү өзүнө калтырган өндүрүп алуучу беш күндүк мөөнөттө өткөрүп берилип жаткан мүлктүн баштапкы баасынын суммасы менен анын үлүшүнө туура келген сумманын ортосундагы айырманы талаптарды канааттандыруунун белгиленген кезектүүлүгүн сактоо менен түзүлгөн ар бир өндүрүп алуучуга тиешелүү болгон сумманын эсебинен депозиттик эсепке которууга тийиш.
2. Башка өндүрүп алуучулар болбогондо же сатылбай калган мүлктү өзүндө калтырууга алардын чечими болбогондо, сот аткаруучу он жумушчу күндүн ичинде камакты алып салат жана мүлктү карызкорго кайтарып берет.
3. Сот аткаруучунун мүлктү карызкорго өткөрүп берүүсү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен жол-жоболоштурулат.
Сот аткаруучу сатылбаган мүлктү өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү жөнүндө токтом чыгарат. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-88" title="88-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>