Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
85-берене. Аукционду өткөн жок деп жарыялоо
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 11-глава
1. Аукцион өткөн жок деп жарыяланат, эгерде:
1) аукционго катышууга экиден аз адам аз арыз берсе же аукционго эки катышуучудан аз адам келсе;
2) аукционго келген катышуучулардын эч кимиси мүлктүн баштапкы баасына үстөктөрдү жасабаса;
3) (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-февралындагы № 51 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) аукционду утуп алган катышуучу электрондук тооруктар өткөрүлгөн күндөн тартып жети күндүн ичинде мүлктүн сатып алуу наркын толук көлөмдө төлөбөсө.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган учурларда аукционду өтпөй калды деп жарыялоо жөнүндө автоматташтырылган маалыматтык система электрондук отчет түзөт, ал аткаруу өндүрүшүнүн материалдарына тиркелет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган учурда аукционду өткөн жок деп жарыялоо жөнүндө сот аткаруучунун токтому аукционду уткан катышуучу мүлктүн наркын белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндөн кийинки күнү кабыл алынат.
4. Аукционду өткөн жок деп жарыялоо жөнүндө отчеттор аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына тапшырылууга же жиберилүүгө тийиш.
Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган учурда сот аткаруучу аукциондун мүлктүн сатып алуу наркын толук көлөмдө төлөбөгөн катышуучусуна да токтомду тапшырат же жиберет. Аукциондорду өткөн жок деп жарыялоо жөнүндө отчеттор менен байланышкан талаш-тартыштар сот аткаруучу тарабынан каралат.
5. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2 жана 4-пункттарында каралган учурду кошпогондо, эгерде аукцион болуп өтпөсө, шертпул аны төккөн адамдарга аукцион аяктагандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде кайтарылып берилет. Бул учурда ушул Мыйзамдын 94-беренесинин 8-бөлүгү колдонулат жана алгачкы электрондук тооруктар кайрадан дайындалат.
Шертпул аны төлөгөн адамдын арызынын негизинде кайтарылып берилет. Арызда банк реквизиттери көрсөтүлүүгө тийиш. (Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2024-жылдын 16-февралындагы № 51, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 февраля 2024 года № 51 О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве")Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
03.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кийин үч жумушчу күндүн ичинде кайтарылып берилет. Бул учурда алынып салынды: шертпул мамлекеттин пайдасына айлантылган кирешелерге жиберилет кошулду: ушул Мыйзамдын 94-беренесинин 8-бөлүгү колдонулат жана алгачкы электрондук тооруктар кайрадан дайындалат.
Шертпул аны … 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2024-жылдын 16-февралындагы № алынып салынды: 51 кошулду: 51, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-85" title="85-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>