36-берене. Аткаруу өндүрүшүндө мөөнөттөрдү эсептөө
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 6-глава
1. Ушул Мыйзамда каралган мөөнөттөр күндөр, айлар жана жылдар менен эсептелет.
2. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо үчүн мөөнөттөр так календардык дата, милдеттүү түрдө келүүсү тийиш болгон окуяны көрсөтүү менен же убакыттын мезгили менен аныкталат. Акыркы учурда иш-аракет бүткүл мезгилдин ичинде жасалышы мүмкүн.
3. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо үчүн мөөнөттүн өтүшү календардык датадан же анын башталышы аныкталган окуя келип жеткенден кийинки жумушчу күнү башталат.
4. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо үчүн мөөнөттү эсептөөдө күн 24 сааттык болуп эсептелет.
5. Айлар менен эсептелген мөөнөт тиешелүү айда жана мөөнөттүн акыркы айынын күнүндө бүтөт. Эгерде айлар менен эсептелген мөөнөттүн аягы тиешелүү күнү болбогон айга туш болсо, анда мөөнөт ошол айдын акыркы күнү бүтөт.
6. Жылдар менен эсептелген мөөнөт мөөнөттүн акыркы жылынын тиешелүү айында жана күнүндө бүтөт.
7. Мөөнөттүн акыркы күнү жумушчу эмес күнгө туш келген учурларда, мөөнөт бүткөн күн болуп жумушчу эмес күндөн кийинки биринчи жумушчу күн эсептелет.
8. Аткаруу үчүн мөөнөтү белгиленген аткаруу иш-аракети мөөнөттүн акыркы күнү саат 24.00гө чейин аткарылышы мүмкүн. Бирок, эгерде бул иш-аракет аткаруу документтерин мажбурлап аткартуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органда (мындан ары - сот аткаруучуларынын аймактык бөлүмү) же болбосо жумушчу убакыт белгиленген башка уюмдарда, ишканаларда, мекемелерде жасалууга тийиш болсо, анда мөөнөт жумушчу убакыт аяктаган учурда бүтөт.
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
36-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-36" title="36-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>