35-берене. Аткаруу өндүрүшүндө өзүн өзү четтетүү
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 5-глава
1. Ушул Мыйзамдын 34-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча сот аткаруучу, котормочу, эксперт, адис жана калыс-күбө өзүн өзү четтетүүнү билдирүүгө милдеттүү.
2. Сот аткаруучунун өзүн өзү четтетүүсү токтом менен жол-жоболоштурулат, анын көчүрмөсү көрсөтүлгөн токтом чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жиберилет.
Тиешелүү жогору турган сот аткаруучу өзүн-өзү четтетүүнү билдирген сот аткаруучудан аткаруу өндүрүшүн башка сот аткаруучуга же сот аткаруучулардын башка бөлүмүнө өткөрүп берет. Жеке сот аткаруучу өзүн өзү четтеткен учурда, аткаруу өндүрүшүнүн материалдары өндүрүп алуучунун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен башка жеке сот аткаруучуга өткөрүлүп берилет, же болбосо аткаруу документи өндүрүп алуучунун арызы боюнча ага кайтарылат.
3. Котормочунун, эксперттин адистин, калыс-күбөнүн өзүн өзү четтетүүсү сот аткаруучунун токтому менен жол-жоболоштурулат. Тараптар сот аткаруучунун өзүн өзү четтетүү жөнүндө токтомун жогору турган сот аткаруучуга же сотко даттанууга укуктуу. Токтомдорду даттануу аткаруу өндүрүшүн токтотуп турууга алып келбейт.
Жеке сот аткаруучунун өзүн өзү четтетүү жөнүндө токтомун тараптар сотко даттанууга укуктуу.
(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
35-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-35" title="35-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>