Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
21-берене. Аткаруу иш-аракеттери жасалуучу убакыт
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 июня 2026 года № 79
1. Аткаруу иш-аракеттери, ал эми мажбурлап аткартуу чаралары жумушчу күндөрү саат 6.00дөн тартып саат 22.00гө чейин жасалат жана колдонулат. Өндүрүп алуучу жана карызкор сот аткаруучуга аларга ыңгайлуу болгон убакытты сунуштай алышат. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо убактысы жөнүндө биротоло чечим сот аткаруучу тарабынан кабыл алынат.
Эгерде аткаруу иш-аракеттери жасалса, ал эми мажбурлап өндүрүп алуу чаралары саат 22:00 болгондон кийин колдонулса, анда сот аткаруучу бул жөнүндө улук сот аткаруучуга жазуу жүзүндө, же электрондук, уюлдук байланыш аркылуу кийинки жумушчу күндөн кечиктирбестен билдирет. Ушул эле учурларда жеке сот аткаруучуда турган аткаруу өндүрүшү боюнча ал ушул бөлүктүн экинчи абзацында каралган тартипте Жеке сот аткаруучулардын палатасына кабарлайт. Ушундай эле учурларда улук сот аткаруучуда турган аткаруу өндүрүшү боюнча ал ушул бөлүктүн экинчи абзацында каралган тартипте жогору турган сот аткаруучуга билдирет.
2. Карызкор өндүрүп алынууга тийиш болгон мүлктү чыгымдап салышы же жашырып коюшу, аткаруу документтерин аткарууну татаалдаштыра турган же аткарууну мүмкүн эмес кылуучу башка иш-аракеттерди жүргүзүшү мүмкүн деп болжолдоого негиз берүүчү жагдайлар болгондо, же болбосо карызкордун айынан аларды ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген убакта жүргүзүү мүмкүн болбогондо, сот аткаруучу жумушчу күндөрү саат 22.00дөн тартып саат 6.00гө чейин, ошондой эле дем алыш же майрам күндөрү 24 саатын ичинде аткаруу иш-аракеттерин жасайт жана мажбурлоо чараларын колдонот.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларда аткаруу иш-аракеттерин жасоо жана мажбурлап аткартуу чараларын колдонуу үчүн сот аткаруучу улук сот аткаруучуга, ал эми жеке сот аткаруучу - Жеке сот аткаруучулардын палатасына бул жөнүндө күн мурунтан жазуу жүзүндө кабарландырат.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-21" title="21-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>