Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
20-берене. Аткаруу иш-аракеттери жасалуучу жер
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 июня 2026 года № 79
1. Эгерде карызкор жеке жак болуп саналса, анда аткаруу иш-аракеттери жасалат, ал эми мажбурлап аткартуу чаралары анын жашаган (турган) жери, иштеген жери же анын мүлкү турган жери боюнча сот аткаруучу тарабынан колдонулат.
2. Эгерде карызкор юридикалык жак болуп саналса, анда аткаруу иш-аракеттери жасалат, ал эми мажбурлап аткартуу чаралары анын юридикалык же иш жүзүндөгү дареги жана/же анын мүлкү турган жери боюнча колдонулат.
3. Карызкорду белгилүү бир иш-аракеттерди жасоого (белгилүү бир иш-аракеттерди жасоодон карманууга) милдеттендирген аткаруу документтеринде камтылган талаптар ошол иш-аракеттер жасалган жер боюнча аткарылат.
4. Эгерде аткаруу документин аткаруу процессинде карызкордун - жеке жактын жашаган (турган) жери же иштеген жери, карызкордун - юридикалык жактын дареги же болбосо карызкордун мүлкү турган жер өзгөрүлсө, сот аткаруучу бул тууралуу токтоосуз акт түзөт.
Акты түзүлгөн күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирбестен сот аткаруучу аткаруу документин бул акт менен бирге карызкордун - жеке жактын жаңы жашаган жери жана анын иштеген жери боюнча, карызкордун - юридикалык жактын жаңы дареги боюнча же болбосо карызкордун мүлкү турган жер боюнча сот аткаруучулар бөлүмүнө жиберет, бул тууралуу ошол эле убакта өндүрүп алуучуга кабарлайт.
5. Сот аткаруучу зарыл болгондо Башкы сот аткаруучунун буйругу боюнча өзүнүн ыйгарым укуктары жайылтылбаган аймакта аткаруу иш-аракеттерин жасайт.
51. Сот аткаруучу зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттин аймагында аткаруу иш-аракеттерин жасайт.
6. Аткаруу өндүрүшү сот аткаруучуларынын бир аймактык бөлүмүнөн башка аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген учурда Башкы сот аткаруучу же областтын башкы сот аткаруучусу буйрук чыгарат. Көрсөтүлгөн буйрук ал чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен аткаруу үчүн тиешелүү сот аткаруучулар бөлүмүнө жиберилет.
Аткаруу өндүрүшүн өткөрүп берүү жөнүндө тараптарга үч жумушчу күндүн ичинде кабарланат.
7. Бир аймактык бөлүмдөн башкасына өткөрүп берилген аткаруу өндүрүшү боюнча сот аткаруучу анын ыйгарым укуктары жайылтылбаган аймакта аткаруу иш-аракеттерин жасоого жана мажбурлап аткартуу чараларын колдонууга укуктуу.
8. Аймактык бөлүмдөрдүн ортосунда аткаруу иш-аракеттери жасалган жер жөнүндө талаштарга жол берилбейт.
(КР2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"Редакцияларды салыштыруу
03.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кабарлайт.
5. Сот аткаруучу зарыл болгондо Башкы сот аткаруучунун алынып салынды: же областтын башкы сот аткаруучусунун буйругу боюнча өзүнүн ыйгарым укуктары жайылтылбаган аймакта кошулду: аткаруу иш-аракеттерин жасайт.
51. Сот аткаруучу зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттин аймагында аткаруу иш-аракеттерин жасайт.
6. Аткаруу өндүрүшү сот … иш-аракеттери жасалган жер жөнүндө талаштарга жол берилбейт.
кошулду: (КР2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-20" title="20-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>