Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 18-январы № 4 Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, ст.77) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 364-статьяда:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн он беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга же болбосо беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет.";
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "эки" деген сөз "он" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 365-статьянын экинчи абзацындагы "бир" деген сөз "он" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 366-статьяда:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзацтагы "гүлбактарда," деген сөздөрдөн кийин "көп батирлүү турак жай үйлөрүнүн короолорунда," деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен он эсептик көрсөткүчтөргө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен жыйырмадан отузга чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
г) 4-бөлүктүн экинчи абзацындагы "бирден экиге чейинки" деген сөздөр "ондон жыйырмага чейинки" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 367-статьянын экинчи абзацындагы "ондон жыйырма" деген сөздөр "элүүдөн жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон