1-берене
Күчүндө · 18.01.2017 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, ст.77) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 364-статьяда:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн он беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга же болбосо беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет.";
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "эки" деген сөз "он" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 365-статьянын экинчи абзацындагы "бир" деген сөз "он" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 366-статьяда:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзацтагы "гүлбактарда," деген сөздөрдөн кийин "көп батирлүү турак жай үйлөрүнүн короолорунда," деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен он эсептик көрсөткүчтөргө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен жыйырмадан отузга чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
г) 4-бөлүктүн экинчи абзацындагы "бирден экиге чейинки" деген сөздөр "ондон жыйырмага чейинки" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 367-статьянын экинчи абзацындагы "ондон жыйырма" деген сөздөр "элүүдөн жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 18.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111511/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>