777-статья. Нак акчасыз эсептешүүлөрдүн формалары
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 августа 2025 года № 198
1. Нак акчасыз эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда төлөм тапшырмалары менен эсептешүүлөр, аккредитив боюнча, инкассо боюнча, чектер түрүндө эсептешүүлөргө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка формаларда жана ишкердик жүгүртүү адаттарына ылайык банктык практикада колдонулуучу формаларда эсептешүүлөргө жол берилет.
2. Келишимдин тараптары келишимде ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эсептешүүлөрдүн кайсы болбосун формасын тандоого жана кароого укуктуу.";
18) 778-статьянын 2-пунктунда "мыйзам, ошондой эле банк тажрыйбасында колдонулуучу ишкер жүгүртүү салты" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) 779-статьяда:
а) 1-пунктта "мыйзамда жана аларга ылайык белгиленген банк эрежелеринде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пунктта "мыйзамда жана аларга ылайык белгиленген банк эрежелеринде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
20) 780-статьянын 3-пунктунда "мыйзамда жана ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
21) 782-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"782-статья. Жалпы жоболор
1. Аккредитив банктын шарттуу акчалай милдеттенмеси болуп саналат, аны банк кардардын тапшырмасы боюнча анын контрагентинин пайдасына, келишимдин негизинде берет, бул келишимге ылайык аккредитивди ачкан банк (банк-эмитент) берүүчүгө төлөмдү ишке ашырат же аккредитивде каралган документтерди берген шартта жана аккредитивдин башка шарттарын аткарганда мындай төлөмдөрдү жүргүзүүгө башка банкка ыйгарым укук берет.
Сүйлөшүлгөн учурларда аткаруучу банктын алуучуга төлөп беришин башка банк (ырастоочу банк) кепилдеши мүмкүн. Аткаруучу банк алуучуга ("алуучу" катары көрсөтүлгөн жакка) төлөмдөрдү аккредитивге ылайык жүзөгө ашырганда, банк-эмитент аткаруучу банкка тиешелүү төлөмдү (жана аткаруучу банктын сый акысын) жүзөгө ашырууга милдеттенме алат. Эгерде аткаруучу банк төлөмдү өз милдеттенмелерине ылайык жүргүзбөсө, талап кылынган жана талаптагыдай түрдө жол-жоболоштурулган документтер аткаруучу банкка берилген шартта, ырастоочу банк алуучуга ("алуучу" катары көрсөтүлгөн жакка) төлөмдү жүргүзүүгө милдеттенме алат.
2. Кыргыз Республикасында Эл аралык соода палатасы чыгарган документтик аккредитивдер үчүн Унификацияланган эрежелер жана каадалар да "Аккредитивдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте колдонулат.
3. Жабылган (депонирленген) аккредитив ачылган учурда банк-эмитент аны ачууда төлөөчүнүн өздүк каражаттарын же ага берилген кредитти банк-эмитенттин милдеттенмесин колдонуунун бүткүл мөөнөтүнө аткаруучу банктын тескөөсүнө которууга милдеттүү.
Жабылбаган аккредитив ачылган учурда банк-эмитент аны ачууда банк-эмитенттин аткаруучу банктагы эсебиндеги аккредитивдин бардык суммасын эсептен чыгаруу укугун аткаруучу банкка берет.";
22) 789-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацында "мыйзам жана ага ылайык белгиленген банк эрежелери" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) 792-статьянын 4-пунктунда "башка мыйзамдар жана аларга ылайык белгиленген банк эрежелери" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
24) 793-статьянын 2-пунктунда "мыйзамда жана ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
25) 794-статьянын 2-пунктунда "мыйзамдарда" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
26) 799-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасында "мыйзамда" деген сөз "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 158-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 26-статьянын 3-пунктундагы тогузунчу абзац "(кудуретсиздик) жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин ", банктарды мажбурлап жоюу жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 141-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган, банктын лицензиясын кайтарып алуу, Убактылуу администрация режимин киргизүү боюнча жана банкты реструктуризациялоо жагында чараларды көрүү боюнча чечимдерди Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кабыл алган учурларда сот мындай чечимдерге даттануу боюнча доону камсыздоо чараларын колдонбойт.";
3) 361-статьянын 1-пунктунда "атайын администрациялоо жол-жобосу колдонулуп, анын натыйжасында карызкор жоюлганда жана юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен алып салынганда карызкорго карата банкроттук жөнүндө" деген сөздөр "атайын администрациялоо/мажбурлап жоюу жол-жобосу колдонулуп, анын натыйжасында карызкор/банк жоюлганда карызкорго/банкты мажбурлап жоюуга карата банкроттук жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 383-статьянын 1-пунктундагы 11-пунктча "(кудуретсиздик) жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин ", банктарды мажбурлап жоюу жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 384-статьянын 2-пункту "банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин ", банктарды мажбурлап жоюу жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 385-статьяда "же болбосо финансы-кредиттик мекеменин банкроттугу (кудуретсиздиги) жөнүндө" деген сөздөр "банкроттугу же болбосо финансы-кредиттик мекемени мажбурлап жоюу жөнүндө" деген сөздөргө, "банкроттук жөнүндө мыйзамда" деген сөздөр "банкроттук жөнүндө мыйзамдарда жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 409-статьянын экинчи абзацы "карызкордун банкроттугу (кудуретсиздиги)" деген сөздөрдөн кийин "/банкты мажбурлап жоюу" деген сөздөр менен толукталсын.
3. (КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
254-статьянын 1-бөлүгү "аскердик," деген сөздөн кийин "банктык жана" деген сөздөр менен толукталсын.
5. "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж. № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) 4-пунктта "банк," деген сөз алып салынсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Банктык ишти же айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруучу акционердик коомдорду түзүүнүн жана алардын иш-аракетинин өзгөчөлүктөрү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы келбеген бөлүгүндө ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.";
2) 66-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацында "Банк ишин жүргүзгөн коомдордон башка" деген сөздөр алып салынсын.
6. "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 11, 537-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 3-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында тикелей башкача белгиленбесе, банктарга жана башка финансы-кредиттик уюмдарга.";
2) 2-статьянын онунчу-он экинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 29-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 55-статьянын 8-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
7. (КР 2021-жылдын 3-декабрындагы № 147 Мыйзамына ылайык 2022-жылдын 8-июнунда күчүн жоготот)
8. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
9. "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 453-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
он тогузунчу жана жыйырманчы абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кепилдик учур - "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банкты мажбурлап жоюу жол-жобосунун башталышы. Банкка байланышкан жактар - "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген аныктамага ылайык.";
2) 4-берененин 4-бөлүгү "Агенттик" деген сөздөн кийин "жоюучу менен бирдикте" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 5-беренеде:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) банкка байланышкан жактардын депозиттери;";
б) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чектөөлөр коюлган же камак салынган депозиттер;";
4) 6-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
биринчи абзацта "атайын администратор" деген сөздөр "жоюучу" деген сөзгө алмаштырылсын; экинчи абзацта "Атайын администратор" деген сөздөр "Жоюучу" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө "атайын администратор" деген сөздөр "жоюучу" деген сөзгө алмаштырылсын";
5) 7-берененин 6-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) кепилдик учур келип чыккан датага чейинки акыркы алты айдын ичинде ага карата "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган таасир кылуу чаралары колдонулбаган болушу керек;";
6) 8-беренеде:
а) 1-бөлүктө "же банкроттоо" деген сөз алып салынсын;
"Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Агенттиктин кепилденген депозиттеринин суммалары боюнча талаптары "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген кезектүүлүккө ылайык канааттандырылат.";
в) 4-бөлүктө "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 10-беренеде:
4-бөлүктүн 1-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөргө алмаштырылсын; 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 17-берененин 9-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 20-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Депозиттерди коргоо системасына катышуучу банк "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген нормативдерди сактоого жана милдеттүү талаптарды аткарууга милдеттүү. Улуттук банк "өткөөл" банктар үчүн "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган нормативдерди жана талаптарды аткаруунун өзгөчө шарттарын жана мөөнөттөрүн белгилейт.";
б) 5-бөлүктүн 1-абзацында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 25-беренеде:
а) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Депозиттерди коргоо системасына катышуучу банк ушул Мыйзамдын талаптарын бузган учурда Улуттук банк ага карата "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган кайсы болбосун таасир кылуу чараларын колдонууга укуктуу.";
в) 4-7-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 9-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 26-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Депозиттерди коргоо системасына катышуучу банктардын Депозиттерди коргоо фондуна төлөгөн төлөмдөрү анын менчиги болуп саналат, кайтарылып берилбейт жана ушул Мыйзамга ылайык гана пайдаланылат.";
12) 27-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. "Өткөөл" банкты кошпогондо, жаңыдан түзүлүүчү банктар мындай банктар үчүн белгиленген минималдуу уставдык капиталдын нормативинин бир пайызы суммасында Депозиттерди коргоо фондуна кирүү төгүмүн төлөөгө тийиш. Кирүү төгүмү Улуттук банктын уруксатын алгандан кийинки жана лицензия берилгенге чейинки мезгилде төлөнүүгө тийиш. Банкты кайра структуралаштыруунун жүрүшүндө түзүлүүчү "өткөөл" банк кирүү төгүмүн төлөөдөн бошотулат.";
13) 28-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
14) 31-берененин 4-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 42-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 4-пунктунун "б" пунктчасында "консерваторду" деген сөз "Убактылуу администраторду" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"в" пунктчасында "токтото туруу же" деген сөздөр алып салынсын; "г" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 6-бөлүктүн 2-пунктунда "эскертүү чараларын жана санкцияларын" деген сөздөр "таасир кылуу чараларын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 44-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
10. "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат. Эгерде Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде башкача каралбаса, күрөө боюнча укук мамилелеринин өзгөчөлүктөрү жер, банк мыйзамдары жана банкроттук жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынат.".
11. "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жана соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 160-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
12-статьянын 1-пунктунун 10-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
12. "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж. № 1, 25-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Бул Мыйзамдын колдонулуусу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жайылтылбайт.".
13. Кыргыз Республикасынын "Жарнак жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
17-беренеде: "Каржылык" деген сөз "1. Каржылык" деген сөздөргө алмаштырылсын; берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "2. Финансы, банк, камсыздандыруу, инвестиция жана башкалар боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле баалуу кагаздарды жарнактоонун башка өзгөчөлүктөрү ушул Мыйзамга каршы келбеген Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталышы мүмкүн.".
14. (КР 2023-жылдын 31-майындагы N 114 Конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
15. (КР 2025-жылдын 12-августундагы № 198 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
16. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Too" газетасы, 2011-жылдын 28-июну, № 50) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-берененин 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын," деген сөздөр алып салынсын.
17. "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 412-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Микрофинансы уюму өз ишин ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен жүзөгө ашырат.";
2) 5-статьянын 1-пунктунда "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 10-статьяда:
а) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Депозиттерди тартуу укугу бар микрофинансы компанияларын мажбурлап жоюу "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. Депозиттерди тартып келбеген микрофинансы компаниясы, микрокредиттик компания жана микрокредиттик агенттик "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоюлат.";
б) 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 15-статьяда "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын";
5) 27-статьяда:
а) 1-пунктта "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын";
б) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 28-статьяда:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28-статья. Улуттук банктын ыйгарым укуктары";
б) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында каралган таасир кылуу чараларын колдонуу;";
в) 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.";
7) 29-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Улуттук банк тарабынан лицензиялануучу микрофинансы компанияларына карата консолидацияланган көзөмөл боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында аныкталат.";
8) 30-статьянын 2-пунктунун 7-пунктчасында "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 35-статьянын 9-пунктунун биринчи абзацында "текшерүүгө" деген сөз "тышкы көзөмөлдү жана инспекторлук текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 353-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Керектөөчүлөрдүн "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Мыйзамда каралган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузгандык үчүн Улуттук банк микрофинансы уюмуна карата Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган таасир кылуу чараларын колдонууга укуктуу.".
18. "Кредиттик союздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 108-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Кредиттик союздардын иш-аракети ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары менен жөнгө салынат.";
2) 33-статьянын 9-пунктунда "банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө мыйзам менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
19. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-статьянын 19-пунктунда "тоскоолдуксуз жана акысыз" деген сөздөр "мыйзамдарда белгиленген тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын.
20. "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 108-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-статьянын 1-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын аскерлешкен ведомстволорунун" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын" деген сөздөр менен толукталсын.
21. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2772-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 7-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Банктын иш-аракетин көзөмөлдөөнү жана жөнгө салууну Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул Мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөр менен, Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат. Банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алуу Банкка талап кылынбайт.";
3) 21-берененин 5-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 22-берененин 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 3-декабрындагы № 147, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44, 2025-жылдын 12-августундагы № 198 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
777-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 12 августа 2025 года № 198 "Об инвестициях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"Редакцияларды салыштыруу
- Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114 "О Счетной палате Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 декабря 2021 года № 147 "Об аудиторской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
12.08.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…N 114 Конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
15. алынып салынды: "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кошулду: (КР 2025-жылдын 12-августундагы № 198 Мыйзамына алынып салынды: (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 7, 252-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 8-статьянын 1-пунктунда "Чет өлкө валютасындагы операциялар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 21-статьянын 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарын мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
кошулду: ылайык күчүн жоготту)
16. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык … 2021-жылдын 3-декабрындагы № 147, 2023-жылдын 28-февралындагы № алынып салынды: 44 кошулду: 44, 2025-жылдын 12-августундагы № 198 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (21)
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 31-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 31.05.2023 · № 114
- Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөЗакон · 15.10.1997 · № 74
- Аудитордук иш жөнүндөЗакон · 03.12.2021 · № 147
- Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндөЗакон · 12.08.2025 · № 198
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155
- Күрөө жөнүндөЗакон · 12.03.2005 · № 49
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Курал жөнүндөЗакон · 09.06.1999 · № 49
- Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндөЗакон · 07.05.2008 · № 78
- Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндөЗакон · 23.07.2002 · № 124
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 161
- Кредиттик союздар жөнүндөЗакон · 28.10.1999 · № 117
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралууЗакон · 15.06.2011 · № 45
- Ички аудит жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 25
- Об аккредитивахЗакон · 23.07.2002 · № 123
- Юридикалык жактарды каттоо (кайра каттоо) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды…Закон · 28.02.2023 · № 44
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 23.01.2025 · № 24
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
21 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111487/st-777" title="777-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>