99-берене. Банктын Директорлор кеңеши
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 17-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Банктын Директорлор кеңеши - акционерлердин жалпы чогулуштарынын ортосундагы мезгилде банкка жалпы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу банктын башкаруу органы.
Директорлор кеңеши банктын эң жогорку кызыкчылыктары үчүн иштөөгө, бардык акционерлерге бирдей мамиле жасоо принцибин сактоого тийиш жана банктын акционерлеринин жыл сайын өткөрүлүүчү жалпы чогулушунда өз иши жөнүндө акционерлерге отчет берип турууга милдеттүү.
2. Банктын Директорлор кеңешинин өзгөчө ыйгарым укуктарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктардан тышкары төмөнкү маселелер кирет:
1) банктын уюштуруу түзүмүн бекитүү;
2) банктын шайкеш ички контролдук тутумун уюштуруу;
3) банктын аткаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын ишин текшерүү, көрсөтүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча чараларды көрүү;
4) Улуттук банктын инспектордук текшерүүлөрүнүн, ошондой эле ички жана тышкы аудиттик текшерүүлөрдүн натыйжасын кароо жана алардын жыйынтыктары боюнча чара көрүү;
5) ички аудит, тобокелдик менеджментинин жана комплаенс-контролдоо кызматтарынын жетекчилерин бекитүү, аларга эмгек акы төлөө шарттарын аныктоо;
6) банктын уставында каралган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ыйгарым укуктар.
3. Банктын Директорлор кеңеши банк ишиндеги тобокелдиктерге ылайык капиталдын шайкеш деңгээлин сактоо максатында баа берүүнүн, мониторинг жүргүзүүнүн жана контролдоонун натыйжалуу тутумун жөнгө салынышы үчүн жоопкерчиликтүү.
4. Банктын Директорлор кеңеши беш мүчөдөн кем эмес так санда болууга тийиш.
Банктын Директорлор кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш. Банктын Директорлор кеңешинин курамынын кеминде үчтөн бирин Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү түзүүгө тийиш.
5. Банктын Директорлор кеңешинин жыйыны квартал ичинде кеминде бир жолу өткөрүлөт. Директорлор кеңешинин жыйыны, ага анын курамынын кеминде 2/3 катышса, банктын уставында андан ашык кворум каралбаса, чечим кабыл алууга укуктуу (кворум) деп эсептелет. Директорлор кеңешинин чечими жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуш берүүдө Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү бирден добушка ээ болот. Директорлор кеңешинин мүчөсүндө таламдардын кагылышуусу пайда болгон учурда, ал талкууга жана добуш берүүгө катышууга укуксуз.
6. Жыйынды өткөрүү жөнүндө Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн маалымдоо тартиби жана мөөнөтү, жыйындарды өткөрүү жана банктын Директорлор кеңешинин чечимдерди кабыл алуу тартиби Директорлор кеңешинин регламенти менен аныкталат. Директорлор кеңешинин чечиминин жазуу жүзүндө сурамжылоо усулунда кабыл алынышы Директорлор кеңешинин жыйындарынын коммуникация каражаттарын колдонуу менен өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү Банктын уставында каралышы мүмкүн. Директорлор кеңешинин ар бир жыйынында банктын корпоративдик катчысы тарабынан протокол жүргүзүлөт. Директорлор кеңешинин жыйынынын протоколуна төрагалык кылуучунун жана банктын корпоративдик катчысынын колу коюлат.
7. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү үчүнчү жактын алдында банктын милдеттенмелерин түзүүчү банктын чечимдери үчүн милдеттенмелерди Директорлор кеңешинин жыйындарынан тышкары өз алдынча кабыл ала албайт. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн кандай документ болбосун таанышып чыгуусуна, банк кызматкерлеринен банктын иши жөнүндө ар кандай зарыл маалыматтарды алуусуна чек коюлбайт.
8. Эгерде банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү кеңештин жыйынына катышпаса, ал Директорлор кеңешинин жыйынынын протоколу жана чечимдери менен кол коюу аркылуу, таанышып чыгууга милдеттүү. Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү Банктын Директорлор кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимдер үчүн жеке жоопкерчиликтүү болушат. Эгерде банктын Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн пикири боюнча Директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынган чечим банктын финансылык туруктуулугуна, аманатчылардын жана башка насыя берүүчүлөрдүн укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына коркунуч туудурса, ал бул тууралуу Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү.
9. Банкта банкроттук коркунучунун белгилери пайда болгон учурда банктын Директорлор кеңеши төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) банкроттуктун алдын алуу боюнча шашылыш зарыл чараларды көрүүгө;
2) акционерлердин кезексиз жалпы жыйынын кечиктирбестен чакырууга;
3) банкта банкроттук коркунучтун белгилери пайда болгондугу жана акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу маселесин Директорлор кеңеши карап чыгышынын натыйжалары, ошондой эле банкроттукту алдын алуу боюнча шашылыш көрүлүүчү жана пландаштырылып жаткан чаралар жөнүндө Улуттук банкка дароо маалымдоого.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
99-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-99" title="99-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>