Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
100-берене. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жана бошотуу
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 17-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 июня 2021 года № 77
1. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү банктын акционерлеринин жалпы чогулушунда төрт жылдык мөөнөткө шайланат. Банктын уставы бир эле адам шайланган мөөнөттөрдүн санын чектей алат.
2. Эмгекке толук жөндөмдүү жана Улуттук банктын талабына ылайык кынтыксыз ишкердик абройго, кесиптик даярдыкка жана иш тажрыйбага ээ болгон жеке жактар гана банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү болуп шайланышы мүмкүн. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен эмгек келишими же ушундай эле макулдашуулар жана контракттар түзүлбөйт, ал эми Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары аларга карата жайылтылбайт.
3. Төмөнкүдөй адамдар банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү боло албайт:
1) банктын Башкармалыгынын мүчөсү болуп саналган же банкта башка кызматты ээлеген;
2) Улуттук банктын көзөмөлүндө турган башка банктын же банктык эмес финансы-насыялык уюмдун кызмат адамы же маанилүү акционери болуп саналган;
3) Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп бербеген, ошондой эле мыйзамдарга ылайык же соттун чечими боюнча мындай кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынган.
4. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун натыйжасында анын курамы белгиленген кворумга жетпеген санга чейин азайган учурда банктын Башкармалыгы Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулгандан датадан тартып беш күндүн ичинде Директорлор кеңешинин жаңы курамын шайлоо үчүн банктын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
5. Директорлор кеңешинин мүчөсү тарабынан бул Мыйзамдын ченемдери бузулган учурда Улуттук банктын чечими боюнча банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү четтетилген мезгилге карата акысы төлөнбөстөн, өз милдеттерин аткаруудан четтетилиши мүмкүн.
6. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү төмөнкү учурларда Улуттук банктын чечими боюнча ээлеген кызматынан бошотулууга тийиш:
1) кынтыксыз кызматтык аброюнан ажырап калса;
2) таламдардын кагылышын жашыргандыгы же банктын бүтүмү түзүлүшүнө кызыкдар экендиги жөнүндө факты аныкталса;
3) эгерде ошол адам квалификациялык талапка, кынтыксыз ишкердик абройго жана көз карандысыздыкка карата белгиленген талаптарга ылайык келбегендиги жөнүндө тастыктаган маалыматты жашырган болсо;
4) Улуттук банктын баасы боюнча Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн аракеттери же аракетсиздиги банктын финансылык туруктуулугуна коркунуч алып келсе.
7. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөсүн четтетүү же бошотуу жөнүндөгү Улуттук банктын чечими, ал кабыл алынган күндөн тартып дароо күчүнө кирет.
(КР 2021-жылдын 24-июнундагы N 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 24 июня 2021 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
24.06.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кеңешинин мүчөлөрү банктын акционерлеринин жалпы чогулушунда алынып салынды: үч кошулду: төрт жылдык мөөнөткө шайланат. Банктын уставы бир эле адам шайланган … банктын чечими, ал кабыл алынган күндөн тартып дароо күчүнө кирет.
кошулду: (КР 2021-жылдын 24-июнундагы N 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) токтому менен бекитилген)Положение · 08.06.2017 · № 2017-П-12/23-1-(НПА)
- О внесении изменений в постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики "Об утверждении Положения "О лицензировании деятельности банков" от 8 июня 2017 года №…Постановление · 21.08.2019 · № 2019-П-12/43-2-(НПА)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-100" title="100-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>