7-берене. Банктык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтардын ачыкка чыгаруу
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы шарттары ачык маалымат болуп саналат жана коммерциялык же банктык сырдын жүйөсү болушу мүмкүн эмес.
2. Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча кандай гана келишим болбосун, аны түзгөнгө чейин көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө кардар толук, ачык маалыматтар менен камсыз болууга тийиш.
Көрсөтүлүүчү кызматтардын шарттары жана наркы тууралуу толук маалымат берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.
3. Банктык кызмат көрсөтүүчү жактар ошол кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттарын, аларга байланыштуу тобокелдерди жана жоопкерчиликти кардар толук түшүнгөндүгүнө ынанууга милдеттүү.
4. Пайыздык ставкалар жана валюта алмашуу курсу жөнүндө маалыматтарды эске албаганда, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы шарттарындагы өзгөрүүлөр жалпыга маалымдоо каражаттарында болбосо интернет-сайттарда алар күчүнө киргенге чейин он жумуш күнүнөн кечиктирбестен жарыяланууга, ошондой эле маалымат такталарында дайыма жайгаштырылууга тийиш. Пайыздык ставкалардын жана валюталардын алмашуу курсунун өзгөрүүсү жөнүндө маалымат дароо жарыяланат.
5. Көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруунун тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- "О внесении изменений и дополнений в некоторые нормативные правовые акты Национального банка Кыргызской Республик"Постановление · 14.06.2017 · № 2017-П-19/24-8-(НПА)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-7" title="7-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>