6-берене. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн негиздери
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Банктардын, банктык эмес финансы-насыялык уюмдардын жана Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган башка юридикалык жактардын (банктык кызмат көрсөтүүчү жактардын) кардарлар менен өз ара мамилелери ушул Мыйзамга ылайык өнөктөштүк принцибинин негизинде, Кыргыз Республикасынын жарандык жана башка мыйзамдарынын негизинде түзүлөт. Кардарлар деп банктык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланган юридикалык жактар, жеке жактар, жеке ишкерлер түшүнүлөт.
2. Кардарлар финансы-насыялык уюмдарды жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өз эркинче тандашат. Банктык кызмат көрсөтүүчү жактар, кардардын талабы боюнча уюштуруу документтери, уруксат документтери жана финансылык отчеттору менен таанышуусу үчүн кардарга мүмкүндүк берүүгө милдеттүү.
Ушул главанын жоболору өз ишин банк иши жана каржылоо ислам принциптерине ылайык жүргүзүүчү банктарга жана банктык эмес финансы-насыялык уюмдарга дагы банк иши жана каржылоо ислам принциптеринин жоболорунда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жайылтылат.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>