Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
53-1-берене. Атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында убактылуу жөнгө салуу
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 111-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү менен байланышкан банктык, төлөм кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салууну апробациялоо максатында, Улуттук банк белгилүү бир мөөнөткө Кыргыз Республикасынын айрым же бүткүл аймагында атайын жөнгө салуу режиминин алкагында пилоттук жөнгө салууну белгилөөгө укуктуу.
Ушул Мыйзамдын максаттарында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногуна инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү менен алектенген катышуучуларга аларды чектелген (аймагы, убактысы, операциялар менен пайдалануучулардын саны жана көлөмү жана башкалар боюнча) контролдонуучу чөйрөдө апробациялоого мүмкүндүк берген эрежелердин жыйындысы атайын жөнгө салуу режими деп түшүнүлөт. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү боюнча пилоттук жөнгө салууну киргизүүнүн жана аны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.
2. Улуттук банк атайын жөнгө салуу режимине катышуучу банктардын, банктык эмес финансы-насыя уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын ишине карата талаптарды белгилейт.
3. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында атайын жөнгө салуу режимдерине катышууга айрым юридикалык жактарга кыйла пайдалуу шарттарды камсыз кылган преференцияларды берүүгө жол берилбейт.
4. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды апробациялоонун натыйжалары боюнча Улуттук банк тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук акт кабыл алынышы же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталышы мүмкүн.
(КР 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Об утверждении Положения "О специальном регулятивном режиме"Постановление · 12.08.2020 · № 2020-П-12/45-3-(НПА)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-53-1" title="53-1-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>