Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
53-берене. Банктарга берилүүчү насыялар
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 11-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Банк тутумунун бүтүндүгүн жана туруктуулугун коргоо, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган банктардын ликвиддүүлүгүн сактоо максатында Улуттук банк банктарга улуттук валютада насыяларды акы төлөө шарты менен камсыздоонун төмөндөгү түрлөрүнүн бири болгондо берүүгө укуктуу:
1) алтын жана башка баалуу металлдар;
2) чет өлкөлүк валюта;
3) Улуттук банктагы же башка насыялык уюмдагы депозиттер;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар;
5) камсыз кылуунун башка түрлөрү.
2. Банктын камсыз кылуунун башка түрлөрү катары сунушталган активдердин жетиштүүлүгү жана алгылыктуулугу Улуттук банктын Башкармалыгы тарабынан аныкталат.
3. Насыялардын түрү, аларды берүү шарттары жана тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.
4. Овердрафт түрүндө насыяларды берүүгө тыюу салынат.
5. Улуттук банк активдер, анын ичинде насыялар боюнча ыктымалдуу чыгымдардын ордун жабуу үчүн Улуттук банктын сарптоолоруна тиешелүү атайын резервдерди (корлорду) түзөт.
6. Банктарга насыяларды берүү ушул Мыйзамда каралган таасир этүү чараларын колдонуу боюнча Улуттук банктын ыйгарым укуктарын чектебейт.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- "Акыркы инстанция кредити жөнүндө" жобосу (КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-09/24-6-(НПА) токтому менен бекитилген)Положение · 14.06.2017 · № 09/24-6
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду…Постановление · 26.04.2017 · № 17/3
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-09/33-2-(НПА) "Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 "Кыргыз…Постановление · 15.08.2018 · № 2018-П-09/33-2-(НПА)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2017-П-09/51-19-(НПА) "Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 "Кыргыз…Постановление · 13.12.2017 · № 2017-П-09/51-19-(НПА)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-февралындагы № 2020-П-09/8-5-(НПА) "Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 "Кыргыз…Постановление · 26.02.2020 · № 2020-П-09/8-5-(НПА)
- "Об утверждении Положения "О кредите последней инстанции"Постановление · 14.06.2017 · № 2017-П-09/24-6-(НПА)
- Об утверждении Временного положения «О предоставлении Национальным банком Кыргызской Республики кредитов коммерческим банкам в целях смягчения негативных воздействий пандемии…Постановление · 24.03.2020 · № 2020-П-09/15-9-(НПА)
- "О внесении изменений и дополнений в Постановление Правления НБКР "Об утверждении Положения "О порядке проведения Национальным банком Кыргызской Республики кредитных аукционов…Постановление · 27.09.2017 · № 2017-П-09/42-7-(НПА)
- О внесении изменений в некоторые нормативные правовые акты Национального банка Кыргызской РеспубликиПостановление · 24.03.2020 · № 2020-П-09/15-4-(НПА)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-53" title="53-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>