23-берене. Улуттук банктын пайдасы жана резервдери
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 июля 2020 года № 78
1. Улуттук банктын пайдасы ушул берененин 3-бөлүгүн эске алуу менен ошол мезгил ичинде орун алган бардык кирешелерди жана чыгашаларды эсепке алгандан кийин финансылык жылдын натыйжалары боюнча аныкталат.
2. Алтын-валюта активдерди жана милдеттенмелерди кайрадан баалоо алтын-валюталык активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резервдин эсебиндеги капиталда чагылдырылат.
3. Эгерде активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резерв терс калдыкка ээ болсо, анда бүтүндөй терс калдык ошол мезгилдин чыгашаларына чегерилип, ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык ишке ашырылган бөлүштүрүлүүчү пайданы эсептөөдө эске алынууга тийиш.
4. Улуттук банктын ушул берененин 3-бөлүгүн эске алуу менен эсептелген пайдасы төмөнкү тартипте бөлүштүрүлөт:
1) эгерде финансылык жылдын натыйжалары боюнча Улуттук банктын уставдык капиталынын жана милдеттүү резервдеринин суммасы Улуттук банктын монетардык милдеттенмелеринин он пайызынан аз болуп калса, анда пайданын жетимиш пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине чегерилет. Республикалык бюджеттин кирешесине чегерүүдөн кийинки пайданын калдыгы Улуттук банктын милдеттүү резервине которулат;
2) эгерде финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча уставдык капиталдын жана милдеттүү резервдин суммасы Улуттук банктын монетардык милдеттенмелеринин он пайызына барабар болсо же андан ашса, анда Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине пайданын жүз пайызы чегерилет.
5. Пайданы чегерүү финансылык жыл бүткөндөн кийин көз каранды эмес тышкы аудит жүргүзүлүп, жылдык отчет Улуттук банктын Башкармалыгы тарабынан бекитилгенден кийин жүргүзүлөт.
6. Ушул берененин максаттарында Улуттук банктын монетардык милдеттенмелерине төмөнкүлөр киргизилет:
1) Улуттук банк жүгүртүүгө чыгарган банкноттор жана монеталар;
2) акча-насыялык жөнгө салуу өбөлгөлөрү боюнча финансылык милдеттенмелер;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында башка финансылык милдеттенмелерди кошо алганда, Кыргыз Республикасынын резиденттеринин Улуттук банкта ачылган эсептери;
4) Кыргыз Республикасынын резиденти эмес банктардын Улуттук банкта ачылган эсептери.
7. Эгерде финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча жана ушул берененин 3-бөлүгүн эске алуу менен Улуттук банк милдеттүү резерв менен орду жабылбаган чыгымга дуушар болсо, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү уставдык капиталды ушул Мыйзамда белгиленген өлчөмгө чейин толуктоо үчүн Улуттук банкка он эки айдан кечиктирилбеген мөөнөттө түздөн-түз акча каражатын которуу аркылуу ошол чыгымдын ордун жабат.
(КР 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 34, 2020-жылдын 18-июлундагы № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 18 июля 2020 года № 78 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 апреля 2018 года № 34 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-декабрындагы № 406-б "Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо максатында, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" буйрукуРаспоряжение · 24.12.2020 · № 406-р
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндөЗакон · 13.06.2022 · № 44 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январы № 37 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору…Постановление · 28.01.2022 · № 37 · Күчүн жоготкон
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-23" title="23-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>