Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-08-11.
КР 2022-жылдын 11-августундагы № 92 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 18-июлу № 78 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 17-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1183-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 23-берененин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "эгерде финансылык жылдын натыйжалары боюнча Улуттук банктын уставдык капиталынын жана милдеттүү резервдеринин суммасы Улуттук банктын монетардык милдеттенмелеринин он пайызынан аз болуп калса, анда пайданын жетимиш пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине чегерилет.".
2-берене.
1. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин колдонулушу 2019 жана 2020-жылдардын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын бөлүштүрүүгө жайылтылбасы белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы пайдасын республикалык бюджетке чегерүүнү төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырсын: 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча - жүз пайыз өлчөмүндө; 2020-жылдын жыйынтыктары боюнча - токсон пайыз өлчөмүндө.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча республикалык бюджетке чегерилүүчү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасынын 256527300 сом өлчөмүндөгү он пайызын Мамлекеттик бюджеттик резервге жөнөтсүн.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2019-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук бапкы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 11.08.2022 · № 92
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук бапкы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 11.08.2022 · № 92
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон