159-берене. Убактылуу администратордун ыйгарым укуктары жана анын ишин уюштуруу
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 25-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Өз ыктыяры менен жоюлуу жөнүндө чечимди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарды кошпогондо, Убактылуу администратор банктын башкаруу органдарынын бардык ыйгарым укуктарын устав жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча жүзөгө ашырат.
2. Убактылуу администратор ушул Мыйзамда каралган максаттарга жетүү үчүн өз ыйгарым укуктарын ишке ашырат. Убактылуу администратор банктын, анын аманатчыларынын жана башка насыя берүүчүлөрүнүн таламында ак ниеттүүлүк жана акыл-эстүүлүк менен иш алып барууга тийиш.
3. Убактылуу администратор Улуттук банк менен өз аракеттерин координациялайт жана ага отчет берет. Убактылуу администратор операцияларды жана төлөмдөрдү Улуттук банктын уруксаты менен жүзөгө ашырат.
4. Убактылуу администратордун ишин уюштуруу жана отчет берүү тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
159-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-159" title="159-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>