158-берене. Убактылуу администратор
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 25-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 декабря 2018 года № 100
1. Убактылуу администратор болуп кынтыксыз кызматтык абройго ээ, финансы-банк тутумунда беш жылдан кем эмес иш-тажрыйбасы бар жана Улуттук банк тарабынан белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга жооп берген жеке жактар дайындалышы мүмкүн. Улуттук банктын кызматчылары Убактылуу администратор боло албайт.
2. Убактылуу администратор Улуттук банк менен түзүлгөн келишимдин негизинде иш алып барат.
3. Таламдардын карама-каршылыктарына жол бербөө максатында Убактылуу администратордун кызмат ордуна талапкер адам өзү жана ишкердик кызыкчылыктары жөнүндө толук маалыматтарды белгиленген тариз боюнча Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.
4. Убактылуу администратордун жана ал ишке тарткан, Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган адистердин эмгек акылары банктын каражаттарынын эсебинен төлөнөт. Убактылуу администратор дайындалган банкта Убактылуу администратордун жана ал ишке тарткан, Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган адистердин эмгегин төлөө үчүн ликвиддүү каражаттар жок болгон учурларда, Улуттук банктын чечими боюнча бул чыгымдар Улуттук банктын жеке каражаттарынын эсебинен төлөнөт. Ушул чыгымдар Убактылуу администратор дайындалган банктын сарптоолоруна киргизилет. Убактылуу администрациянын курамына тартылган Улуттук банктын кызматкерлеринин эмгек акылары Улуттук банктын жеке каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацына ылайык Улуттук банк тарабынан жүзөгө ашырылган чыгымдар Убактылуу администрациянын иши токтотулган учурда банк тарабынан, ал эми банкка карата мажбурлап жоюу жол-жобосу башталган учурда - ушул Мыйзамдын 189-беренесинде белгиленген насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруунун кезектүүлүгүнө ылайык жабылат.
5. Убактылуу администрациянын чыгымдарынын сметасын Убактылуу администратор түзөт жана Улуттук банк менен макулдашылат. Убактылуу администратор Улуттук банк белгилеген тартипте жана мөөнөттөрдө Убактылуу администрациянын чыгымдары боюнча отчет берет.
6. Убактылуу администратордун жарандык жоопкерчилиги милдеттүү түрдө камсыздандырылууга тийиш. Камсыздандыруучуга карата талаптар жана камсыздандыруу шарттары Улуттук банк тарабынан аныкталат.
(КР 2018-жылдын 10-декабрындагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
158-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 10 декабря 2018 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности", "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности", Гражданский кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-158" title="158-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>