Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-берене. Комиссиялык акылар, тарифтер жана пайыздык ставкалар
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Банктык кызмат көрсөткөндүгү үчүн комиссиялык сый акы жана тарифтер банктык кызмат көрсөтүүчү жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык өз алдынча белгиленет.
Эгерде банктык кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн пайыздарды чегерүү каралган болсо, анда пайыздык ставканын өлчөмү банктык кызмат көрсөтүүчү жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык өз алдынча белгиленет. Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык операцияларды жана бүтүмдөрдү ишке ашыруучу банк, Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзүүнүн шарттарын өз алдынча белгилөөгө укуктуу.
2. Банктык кызмат көрсөткөндүгү үчүн комиссиялык акы, тарифтер жана пайыздык ставкалар жөнүндө маалымат кардарлар үчүн ачык жана жеткиликтүү болууга тийиш жана алар коммерциялык же банктык сырдын жүйөсү болушу мүмкүн эмес.
3. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү наркы жөнүндө маалыматтарды жарнамада, жарыялоодо жана таркатууда берилип жаткан насыялар боюнча номиналдык жана майнаптуу пайыз чендери жана комиссиялык сый акынын өлчөмү милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү зарыл.
4. Натыйжалуу жана салыштырылып эсептелинген номиналдык жана натыйжалуу пайыздык ставкалар келишимдерде көрсөтүлүүгө тийиш.
5. Насыялык келишимди түзүүгө чейин банктык кызмат көрсөтүүчү жактар номиналдык жана натыйжалуу пайыздык ставкалар жөнүндө маалыматтар менен катар эле кардарга насыянын абсолюттук маанидеги толук наркы жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде насыянын негизги суммасын, пайыздарды, комиссиялык жыйымдарды жана келишимди түзүүгө жана аны аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү өз-өзүнчө бөлүп көрсөтүү менен кардарга берүүгө милдеттүү. Пайыздык төлөмдөр номиналдык ставка боюнча насыянын негизги суммасынын азайып турган калдыгына карата чегерилет. Натыйжалуу пайыздык ставканы аныктоо жана эсептөө усулу Улуттук банк тарабынан белгиленет.
6. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын бурмалаган жана насыялык келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байлоо менен насыя боюнча төлөмдөрдүн индексацияланышын караган насыялык продуктылардын колдонулушуна жол берилбейт.
7. Эгерде бул кардардын укугуна кедергисин тийгизип жана/же милдеттерин көбөйтө турган болсо, мөөнөттүү аманаттар жана насыя боюнча пайыздык ставкалардын чоңдугу банк тарабынан бир тараптуу өзгөртүлүүгө тийиш эмес.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>