2-берене
Күчүн жоготкон · 05.05.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 5 мая 2021 года № 59.
1. Бул Мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президенти кол коюуга тийиш жана ал расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Мында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 72, 75, 81 жана 87-беренелерине өзгөртүү киргизилген жоболор 2017-жылдын 1-декабрында күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам менен киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий тексти ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин он төрт күндөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланууга тийиш. Мында 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясында кетирилген мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттердин ортосундагы карама-каршылыктар "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-июлундагы № 131 Мыйзамынын редакциясындагы "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 Мыйзамынын 6-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө белгиленген эрежелер боюнча жоюлат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамдын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
4. Ушул Мыйзамдын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 7-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, "Кумтөр" алтын кенин иштетүүгө даярдоого жана иш жүзүндө өздөштүрүүгө байланыштуу кызматтык кылмыштарды, ошондой эле "Кумтөр" кенин иштеткен мамлекеттик эмес ишканалардагы жана уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштарды жасаган адамдарга жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү колдонулбайт.
Аталган адамдар ушул кылмыш жосундарын кайсыл убакта жасагандыгына карабастан жазык жоопкерчилигине тартылууга жана сотко берилүүгө тийиш, буга эскирүү мөөнөтүн колдонуу тууралуу мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары бар адамдар кирбейт.
5. Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүнүн ыйгарым укуктарын алар тиешелүү түрдө шайланган мөөнөт аяктаганга чейин сакташат жана аларды ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып, анын жоболорун эске алуу менен ишке ашырат.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Төраганын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан шайланган же дайындалган башка кызмат адамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы жана төраганын орун басарлары өзүнүн ыйгарым укуктарын алар шайланган же дайындалган мөөнөт аяктаганга чейин же болбосо кызмат ордунан бошотууга алып келген мыйзамдарда каралган башка жагдайлар келип чыкканга чейин сакташат.
7. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын, ошондой эле жергиликтүү соттордун 2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын Конституциясын ишке ашыруу үчүн кабыл алынган мыйзамдардын жоболоруна ылайык шайланган же дайындалган төрагалары, төрагалардын орун басарлары жана судьялары өзүнүн ыйгарым укуктарын алар шайланган же дайындалган мөөнөт аяктаганга чейин же болбосо кызмат ордунан бошотууга алып келген конституциялык мыйзамда каралган башка жагдайлар келип чыкканга чейин сакташат.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Берененин тексти 05.05.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- КР Президентинин 2017-жылдын 18-январындагы ПБ № 8 (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоого даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү…Распоряжение · 18.01.2017 · № РП № 8
- КР Президентинин 2017-жылдын 27-январындагы ПЖ № 14 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 27.01.2017 · № 14 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2017-жылдын 18-январындагы ПБ № 8 (Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз…Распоряжение · 18.01.2017 · № 8 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 11.07.2013 · № 131
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111484/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>