Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПБ № 8 (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоого даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК
2017-жылдын 18-январы ПБ № 8 Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоого даярдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жана 2016-жылдын 11-декабрында референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып:
1. "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоого даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - Ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2017-жылдын 26-январына чейинки мөөнөттө төмөнкүлөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин даярдасын жана аны андан ары жарыялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине киргизсин:
- 2016-жылдын 11-декабрында референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү;
- "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-июлундагы № 131 Мыйзамынын редакциясындагы "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 Мыйзамынын 6-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүнүн ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттериндеги карама-каршылыктарды жоюуну.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүм алам.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Тиркеме Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоого даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Ниязов Фарид Абилезимович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Ахметов Уран Тулондиевич
-
Кыргыз Республикасынын юстиция министри, Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Ишекеев Назаркул Ишекеевич
-
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Мусаев Сыртбай Жолдошевич
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Акматалиев Абдылдажан Амантурович
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Касымбеков Нурбек Айтыевич
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү;
Исмаилов Анарбек Касымович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;
Абдрахманова Чолпон Садырбековна
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясынын башчысы;
Садыков Канатбек Рахманбердиевич
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Султанбаев Абдыкадыр Дарданович
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Медералиев Джумабек
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Есеналиев Максатбек Кульчороевич
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Абдысадыр уулу Азат
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясынын актыларды чыгаруу секторунун башчысы;
Айдаркулов Мэлис Калданбекович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти;
Кадыров Ысмайыл
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПТ № 89 (Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемелеринин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 31.05.2022 · № 89
- КР Президентинин 2017-жылдын 27-январындагы ПЖ № 14 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 27.01.2017 · № 14 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 11.07.2013 · № 131
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 28.12.2016 · № 218 · Күчүн жоготкон