Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 14 «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2017-жылдын 27-январы ПЖ № 14 Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндө 2016-жылдын 11-декабрында референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамы 2017-жылдын 15-январында күчүнө кирди. Жогоруда аталган Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти киргизилген өзгөртүүлөрдү, ошондой эле 2010-жылы Конституцияны кабыл алууда мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттерде болгон карама-каршылыктарды жоюуну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин аталган Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап он төрт күндөн кеч эмес мөөнөттө жарыялоого тийиш. Бул Мыйзамдын талаптарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 18-январындагы № 8 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоого даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - Ведомстволор аралык жумушчу топ) түзүлгөн. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2016-жылдын 11-декабрында референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына жооп берген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстинин контролдук нускасын белгиленген мөөнөттө сунуштады. Баяндалгандарга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып жана 2016-жылдын 11-декабрында референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 2-бөлүгүн аткаруу үчүн токтом кылам:
1. 2016-жылдын 11-декабрында референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен Ведомстволор аралык жумушчу топ сунуштаган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий тексти "Эркин Тоо" гезитинде жана Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтында жарыялансын.
2. Бул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстинин контролдук нускасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында сакталат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстинин контролдук нускасынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына жиберилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин тиешелүү тираж менен басып чыгарууну жана таратууну камсыз кылсын.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2017-жылдын 18-январындагы ПБ № 8 (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоого даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү…Распоряжение · 18.01.2017 · № РП № 8
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 28.12.2016 · № 218 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Президентинин 2017-жылдын 18-январындагы ПБ № 8 (Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз…Распоряжение · 18.01.2017 · № 8 · Күчүн жоготкон