12-берене. Консультациялык-укуктук жардам берүүнүн тартиби
Күчүн жоготкон · 10.08.2022 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 10 августа 2022 года № 91.
1. Мамлекеттик органдардын (мыйзам чыгаруу органынын, аткаруу жана сот бийлигинин органдарынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызмат адамдары тарабынан алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча оозеки жана жазуу жүзүндө укуктук консультация жана түшүндүрмө түрүндө жана жарандардын кайрылууларын кароо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте консультациялык-укуктук жардам берилет.
2. Адвокаттардын жардамчылары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык клиникалар жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Мыйзамда каралган консультациялык-укуктук жардамдын бардык түрлөрү берилет.
3. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу түзө алат.
Берененин тексти 10.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111480/st-12" title="12-берене - Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>