Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-берене. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн тартиби
Күчүн жоготкон · 10.08.2022 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 10 августа 2022 года № 91.
1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүнүн субъекттери катары адвокаттар ушул Мыйзамда, "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген учурларда жана тартипте чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана качкындарга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтөт.
2. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүүгө адвокаттардын катышуусу областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүнү координациялоо боюнча борбор менен өз ара аракеттенген аймактык адвокатуралары тарабынан камсыз кылынат.
Айылдык калктуу конуштарда адвокаттар мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүшү областтардын тиешелүү аймактык адвокатуралары тарабынан Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борбордун аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракетте камсыз кылынат. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү тутумуна катышкан адвокаттарды тандоо критерийлери жөнүндө жобо Адвокаттар кеңеши тарабынан иштелип чыгат жана анын чечими менен бекитилет.
3. Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын аймактык адвокатуралары мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү тутумуна катышкан адвокаттардын тизмесин Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун аймактык бөлүмдөрүнө жыл сайын жөнөтөт.
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү тутумуна катышкан адвокаттардын тизмелери ыйгарым укуктуу органдын жана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын расмий интернет-сайттарына жайгаштырылат.
4. Ыйгарым укуктуу орган квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө адвокаттар менен келишимди жыл сайын түзөт.
Берененин тексти 10.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндөЗакон · 14.07.2014 · № 135
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111480/st-13" title="13-берене - Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>