11-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдарды берүүчү жана көрсөтүүчү субъекттер
Күчүн жоготкон · 10.08.2022 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 10 августа 2022 года № 91.
1. Консультациялык-укуктук жардам төмөнкүлөр тарабынан берилет:
1) мамлекеттик органдардын (мыйзам чыгаруу органынын, аткаруу жана сот бийлигинин органдарынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин тиешелүү кызмат адамдары;
2) адвокаттардын жардамчылары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык клиникалар жана жеке жактар.
2. Квалификациялуу юридикалык жардам квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Адвокаттардын мамлекеттик реестрине киргизилген адвокаттар тарабынан көрсөтүлөт, аны жүргүзүүнү ыйгарым укуктуу орган жана ыйгарым укуктуу орган менен келишим түзгөндөр жүзөгө ашырат.
Келишимде мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүнүн сапатынын стандарттары камтылууга тийиш. Анын формасы Адвокаттардын кеңеши тарабынан иштелип чыгылат.
Берененин тексти 10.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111480/st-11" title="11-берене - Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>