Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 27-статьяда:
а) 12-пунктунда "бажы укуктарын" деген сөздөр "бажы жана (же) салык укуктарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) эскертүүдө "эрежелерин" деген сөздөрдөн мурда "жана (же) салык" деген сөздөр менен толукталсын;
2) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 21311-статья менен толукталсын:
"21311-статья. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган документтерсиз Кыргыз Республикасынын ички мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган документтерсиз Кыргыз Республикасынын ички мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүү, контрабанданын белгилери жок болгондо - жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган товарларды конфискациялоо менен же болбосо товарлардын наркын өндүрүп алуу менен, эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган товарларды конфискациялоо менен же болбосо бул товарлардын наркын өндүрүп алуу менен, эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган товарларды конфискациялоо менен болбосо товарлардын наркын өндүрүп алуу менен, эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган товарларды конфискациялоо менен же болбосо бул товарлардын наркын өндүрүп алуу менен, эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракеттерди биринчи жолу жасаган адам Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте товарларды декларациялоо жана салык отчётун берүү менен, салыктык санкцияны жана туумду кошуп алганда эсептелген салыктарды ыктыярдуу төлөгөн учурда администрациялык жаза чарасынан бошотулат.";
3) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 3014-статья менен толукталсын:
"301-4-статья. Товарларды ЕАЭБке мүчө-мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына контролдук баалардын минималдык деңгээлинен төмөнкү баа боюнча импорттоо Товарлардын ЕАЭБке мүчө-мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына контролдук баанын минималдык деңгээлинен төмөнкү баа боюнча импорттоо - жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган товарларды конфискациялоо менен же болбосо товарлардын наркын өндүрүп алуу менен, эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган товарларды конфискациялоо менен же болбосо бул товарлардын наркын өндүрүп алуу менен, эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган товарларды конфискациялоо менен же болбосо товарлардын наркын өндүрүп алуу менен, эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган товарларды конфискациялоо менен же болбосо бул товарлардын наркын өндүрүп алуу менен, эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракеттерди биринчи жолу жасаган адам Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте товарларды декларациялоо жана салык отчётун берүү менен, салыктык санкцияны жана туумду кошуп алганда эсептелген салыктарды ыктыярдуу төлөгөн учурда администрациялык жаза чарасынан бошотулат.";
4) 508-статьянын 1-бөлүгү "21310" жана "3012," деген цифралардан кийин тиешелүүлүгүнө жараша ", 21311" жана "3014," деген цифралар менен толукталсын;
5) 535-статьяда:
а) 1-бөлүгү "Кодекстин" деген сөздөн жана "3012" деген цифралардан кийин тиешелүүлүгүнө жараша "21311," жана ", 3014" деген цифралар менен толукталсын;
б) эскертүү "Эскертүү." деген сөздөн жана "3012" деген цифралардан кийин тиешелүүлүгүнө жараша "21311-статьяда," деген сөздөр жана ", 3014" деген цифралар менен толукталсын;
6) 5561-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасынын жыйырма үчүнчү абзацы "285" деген цифралардан мурда жана "3012," деген цифралардан кийин тиешелүүлүгүнө жараша "21311," жана "3014," деген цифралар менен толукталсын.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111421/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>