1-берене
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
1-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 1-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 25-пункт менен толукталсын:
"25) "Контролдук баалардын минималдык деңгээли" - Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарлардын ушул Кодексте аныкталган учурларда жана тартипте белгиленүүчү баасы.";
2) 44-берененин 1-бөлүгүнүн 12-пунктунун "а" пунктчасында "акциздик" деген сөз алып салынсын;
3) 120-беренеде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) ушул беренеге ылайык аларга карата контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленген товарлар менен бүтүмдөрдө.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-бөлүктөр менен толукталсын:
"8. Алар үчүн контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленүүчү товарлардын тизмегин, контролдук баалардын минималдык деңгээлинин өлчөмүн, контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
9. Аларга карата контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленген импорттолуучу товарлар боюнча, ушул Кодекстин максаттары үчүн ушул берененин 8-бөлүгүнө ылайык белгиленген деңгээлден төмөн болбогон баа кабыл алынат.";
4) 265-беренеде:
а) 3-бөлүгүндө "120-беренесинде каралгандан башка учурларда" деген сөздөр "120-беренесине ылайык колдонулуучу рыноктук баалардын деңгээлине ылайык келүүчү нарк боюнча беримдерди кошпогондо," деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 7-бөлүгүнүн 2-пунктунда "өндүрүүгө кеткен" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык чегерилген амортизациянын суммасына азайтылган" деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111421/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>