9-берене. Инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүү
Күчүндө · 24.10.2022 редакциясы · 2-глава
1. Инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрү инфратүзүм оператору тарабынан инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишиминин негизинде ташуучуларга жана башка керектөөчүлөргө көрсөтүлөт.
Эгерде ташуучу инфратүзүмдүн ээси же оператору болуп саналса инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө келишими түзүлбөйт.
2. Ташуучулардын инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүүсү Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Ташуучулардын жана башка керектөөчүлөрдүн инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүүсү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган Темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнө жетишүүнү жөнгө салуунун тартибине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык техникалык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүнөн улам инфратүзүмдүн өткөрүү жөндөмүнүн чектеринде көрсөтүлөт.
Берененин тексти 24.10.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111398/st-9" title="9-берене - Темир жол транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>