8-берене. Жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрү жана ташуу укугу
Күчүндө · 24.10.2022 редакциясы · 2-глава
1. Жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жүктөрдү ташууну жана жүктөрдү (анын ичинде жүгү жок кыймылдуу курамды) ташууну уюштуруу жана жүзөгө ашыруу менен байланышкан кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү (жумуштарды);
2) жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн, почта жөнөтүүлөрүн ташууну жана мындай ташуулар менен байланышкан кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү (жумуштарды);
3) инфратүзүмдүн кызмат көрсөтүүлөрүн.
2. Тарифтик саясаттын негиздерин кошуп алганда, темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүүнү жөнгө салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде аныкталат.
Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-февралындагы № 92 "Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
3. Темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн талаптары боюнча темир жол транспортунун уюмдары темир жол транспорту чөйрөсүндө алар тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги, бул кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы тууралуу маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
Керектөөчү жүктөрдү, таңгакталган жол жүгүн, жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ташууга жана ага берилүүчү темир жол транспорту каражаттары жана аларды эксплуатациялоонун шарттары жөнүндө маалыматтарга укуктуу.
4. Жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун кызматтарын көрсөтүү жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ташуу келишимдеринин, инфратүзүм кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишимдердин, ошондой эле жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун уюмдары менен керектөөчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунун башка кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
5. Ташуучулар жүргүнчүлөрдү, жүктү, таңгакталган жол жүгүн, жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ташууну жүзөгө ашырышат, эгерде:
1) темир жол транспортундагы коопсуздуктун талаптарына ылайык келсе жана менчик укугуна же болбосо башка мыйзамдуу негизде темир жол транспорт каражаттарына ээ болсо;
2) керектөөчү ушул Мыйзамдын жана жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн, жүктөрдү, почта жөнөтүүлөрүн ташуу жана темир жол тарифтери чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактаса;
3) ташуучулар жоё албаган жана четтете албаган (согуштук аракеттер, блокада, эпидемия, табигый кырсыктар жана д.у.с.) жагдайлар ташууга тоскоолдук кылбаса;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген ташууга тыюу салынган же айрым белгилүү бир шарттарда гана ташууга уруксат берилген нерселердин тизмегине киргизилбеген, ташуу үчүн берилген нерселер.
6. Эгерде темир жол транспортунун тийиштүү уюмунун, ишканасынын жана мекемесинин карамагында атайын түзүлүштөр болбосо, ташуучулар жүктөө, кайра жүктөө жана түшүрүү үчүн атайын түзүлүштөр талап кылынган жүктөрдү кабыл алууга милдеттүү эмес.
7. Жүк жөнөтүүчүлөр, жүк алуучулар, ошондой эле алардын атынан аракеттенген башка уюмдар жана жүргүнчүлөр ташуучулар менен бир катарда ташуулардын макулдашылган көлөмүн аткаруу, эсептешүүлөрдүн өз убагында аткарылышын, кыймылдын коопсуздугун, жүктөрдүн, темир жолдун кыймылдуу курамынын, контейнерлердин, чыгарылма ташуучу түзүлүштүн сакталуусун камсыз кылуучу жүрүүчү курамды жана жүктөрдү ташууга карата талаптагыдай даярдоо боюнча ташуулар, ошондой эле жүрүүчү курамды, контейнерлерди, башка мүлктөрдү ижаралоо боюнча өзүнө алган милдеттенмелердин жана ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында жана керектөөчүлөр менен ташуучулардын ортосундагы келишимдерде каралган башка жоболордун аткарылышын камсыз кылуулары тийиш.
8. Ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ташуулардын эрежелеринде жана шарттарында, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары, ташуу процессин жүзөгө ашыруучу жалпы пайдалануудагы темир жол транспорту уюмдары жол жүрүү акысы төлөгөн жана жүктү, таңгакталган жол жүгүн, жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүнө жол жүрүү документин туура жол-жоболоштурган жүргүнчүнү жана жүк жөнөтүүчүнүн жүгүн ташуудан баш тартууга укуксуз.
Берененин тексти 24.10.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111398/st-8" title="8-берене - Темир жол транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>