10-берене. Темир жол транспорту уюмдарынын транспорттун башка түрлөрү, инфратүзүмдүн менчик ээлери болуп саналган юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилелери
Күчүндө · 24.10.2022 редакциясы · 2-глава
1. Темир жол транспорту жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, таңгакталган жол жүгүн, жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ташууларды аралаш катнаштарда жүзөгө ашырууда аба, автомобиль жана транспорттун башка түрлөрү менен өз ара аракеттенет.
2. Аралаш катнаштарда жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, таңгакталган жол жүгүн, жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн ташуулардын тартиби жана аны уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленет.
3. Темир жол транспорту уюмдарынын инфратүзүмдүн менчик ээлери болуп саналган юридикалык жана жеке жактар менен укуктук мамилелери, ошондой эле кошулма темир жолдорду пайдалануунун жана жалпы пайдалануудагы темир жолдордо өзүнө тиешелүү болгон кыймылдуу курамды жүгүртүүнүн тартиби жана шарттары ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында жана алардын негизинде түзүлгөн келишимдерде аныкталат.
11-берене. Темир жол транспортунун кайтарылуучу чөлкөмдөрү Жер көчкүлөрүнө, уроолорго, селдерге жана башка коркунучтуу таасирлерге дуушар болуучу мамлекеттик маанидеги жерлерде жайгашкан калктын коопсуздугун жана инфратүзүмдү (анын ичинде транспорттун өнөр жай объекттери жана башка түрлөрү тарабынан) талаптагыдай пайдаланууну камсыз кылуу максатында кайтарылуучу чөлкөмдөр белгиленет. Кайтарылуучу чөлкөмдөрдү белгилөө тартиби, алардын өлчөмдөрү, ушул максаттар үчүн бөлүнгөн жерлерди эксплуатациялоо эрежелери, аларды карап-күтүү, оңдоп-түзөө, куруу жана пайдалануу режими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. (КР 2022-жылдын 24-октябрындагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-апрелиндеги № 189 "Кайтарылуучу чөлкөмдөрдү, алардын өлчөмүн, ушул максатта бөлүнгөн жерлерди пайдалануу режимин орнотуу жана бөлүнгөн тилкенин чегинде темир жол транспортунун жерлерин коргоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
Берененин тексти 24.10.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111398/st-10" title="10-берене - Темир жол транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>