62-берене. Өрткө каршы суу менен жабдуу булактары
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 14-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Имараттар менен курулмаларда, ошондой эле уюмдардын жана калктуу конуштардын аймактарында өрт өчүрүү үчүн өрткө каршы суу менен жабдуу булактары болууга тийиш.
Өрткө каршы суу менен жабдуу булактары катары табигый жана жасалма көлмөлөр, ошондой эле ички жана сырткы суу түтүктөрү (анын ичинде ичүүчү, чарбалык-ичүүчү, чарбалык жана өрткө каршы) пайдаланылышы мүмкүн.
2. Ар бир долбоорлонуучу объектте ушул Мыйзамдын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 200 метрден ашпаган аралыкта жайгашкан колдонуудагы өрткө каршы суу булагына (өрт гидрантына) же жаңы долбоорлонуп жаткан гидрантка байланыштуу болууга тийиш.
Өрт өчүрүүчү автомобилдердин сууларга, көлмөлөргө, суу сактагычтарга, жасалма көлмөлөргө жана башка суу артерияларына өтүү мүмкүнчүлүгү (атайын пирс) каралуусу зарыл.
3. Жасалма көлмөлөрдү куруу, табигый көлмөлөрдү пайдалануу жана өрткө каршы суу түтүктөрүн куруу зарылдыгы, ошондой эле алардын параметрлери Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу боюнча ченемдик укуктук актылары жана курулуш ченемдери жана эрежелери менен аныкталат.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
62-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-62" title="62-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>