61-берене. Автоматтык өрт өчүрүү орнотмолору
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 14-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Автоматтык өрт өчүрүү орнотмолору төмөнкү максаттардын бирине же бир нечесине жетүүнү камсыз кылууга тийиш:
1) жайда (имаратта) өрттүн коркунучтуу факторлорунун чектүү маанилерине чейин жеткиче өрттү жок кылууга;
2) жайда (имаратта) курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чегине жеткиче өрттү жок кылууга;
3) жайда (имаратта) корголуучу мүлккө чоң зыян келтирбегендей кылып өрттү жок кылууга;
4) жайда (имаратта) технологиялык аппараттардын (орнотмолордун) талкалануу коркунучу келип чыкканга чейин өрттү жок кылууга;
5) электр менен жабдуу, газ менен жабдуу, ысык суу менен жабдуу, суу менен жылытуу тармактарын өчүрүүгө, ошондой эле турак үйлөрдөгү жана коомдук имараттардагы авариялык жарыкты күйгүзүүгө.
2. Автоматтык өрт өчүрүү орнотмолору менен корголууга жаткан имараттардын, курулмалардын, бөлмөлөрдүн жана жабдуулардын тизмеги, автоматтык өрт өчүрүү орнотмосунун тиби, отту өчүрүүчү заттын түрү, аны өрттүн очогуна жиберүү ыкмасы жана аларды монтаждоо боюнча талаптар көлөмдүк-пландоо чечилишине, коргоо объектинин функционалдык арналышына жана айлана-чөйрөнүн параметрлерине жараша Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары, курулуш ченемдери жана эрежелери менен аныкталат.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
61-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-61" title="61-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>