80-берене. Өндүрүш объекттеринин аймагындагы жолдорго, кирүүчү (чыгуучу) жана өтмө жолдорго карата талаптар
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 20-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. I жана II категориядагы мунайзат жана мунайзат продуктуларынын кампалары кошпогондо, аянты 5 га жана андан ашык өндүрүш объекттеринин экиден кем эмес кирүүчү жолу болууга тийиш, аларда аянтынын өлчөмүнө карабастан жалпы тармактагы автомобиль жолуна же кампанын, ишкананын кирүүчү жолдоруна экиден кем эмес чыгуу жолу болууга тийиш.
Өндүрүштүк объекттин аянтчасынын бир тарабы 1000 метр жана андан ашык болгондо жана ал көчөгө же автомобиль жолуна бойлой жайгашканда, ошол тарабынан аянтчага экиден кем эмес кирүүчү жолу каралууга тийиш. Кирүү жолдорунун ортосундагы аралык 1500 метрден ашпоого тийиш. Аянты 5 га жана андан ашык өндүрүш объекттеринин аянтчаларынын ичиндеги тосулган участкалардын (ачык трансформатордук станциялар, кампалар жана д.у.с.) экиден кем эмес кирүүчү жолу болууга тийиш. (Абзац КР 2020-жылдын 26-июнундагы № 66 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Абзац КР 2020-жылдын 26-июнундагы № 66 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Абзац КР 2020-жылдын 26-июнундагы № 66 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Абзац КР 2020-жылдын 26-июнундагы № 66 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Өрткө каршы суу менен камсыздоо булагы болуп саналган көлмөлөргө, ошондой эле градирняларга, бассейндерге жана суусу өрт өчүрүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон башка курулмаларга өрт автомобилдери бурула алгыдай, аларды токтотуу жана суу алуу үчүн өлчөмү 15х15 метр болгон аянтчалары менен кирүүчү жолдор каралууга жатат.
Өрт гидранттарын автомобиль жолдорун бойлото, жолдун өтүүчү бөлүгүнүн четинен 2,5 метрден ашпаган, ал эми имараттын дубалына 5 метрден жакын эмес аралыкта жайгаштыруу керек. Объекттердин ичиндеги темир жолду машина жана жөө адамдар өтүүчү жолдор кесип өткөн жерлер өрт автомобилдерин өткөрүү үчүн дайыма бош болууга жана рельстин кыры менен тең туташ төшөлмөсү болууга тийиш. Өндүрүш объекттеринин аянтчасына кирүүчү автомобиль жолунун дарбазасынын кеңдиги негизги жана атайын өрт автомобилдеринин тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылууга тийиш. (КР 2020-жылдын 26-июнундагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
80-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 26.06.2020 · № 66 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-80" title="80-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>