46-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын өз каалоосу боюнча кызматын токтотуусу
Күчүн жоготкон · 27.10.2021 редакциясы · 9-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 октября 2021 года № 125.
1. Кызматты токтотуу кызматчынын өз каалоосу боюнча анын жазуу жүзүндө берген арызынын негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Кызматчы жазуу жүзүндөгү арызында арыз берген учурдан тартып 2 жумадан кечикпестен келе турган кызматты токтотуу датасын көрсөтөт.
3. Эгерде жазуу жүзүндөгү арызда кызматты токтотуу датасын көрсөтүлбөгөн учурда, кызматчы арыз берген учурдан тартып 2 жума өткөндөн кийин кызматтан бошотулат.
4. Эгерде мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бошотуу тууралуу чечим чыгарылбаган учурда, кызматчы арызында көрсөтүлгөн мөөнөт өткөнгө чейин 3 күндөн кечиктирбестен өз арызын чакыртып алууга укуктуу.
5. Арызда көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин кызматчы ишин токтотууга укуктуу, ал эми мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кызматтын акыркы күнү иштен бошогон адамга эмгек китепчесин берүүгө жана ага тиешелүү сумманы төлөп берүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 27.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
46-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111354/st-46" title="46-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>